"Эркин-Тоо"
Дин

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу

Үкү
Үкү кирсе түшүңүзгө, анда үйүңүзгө уруу кириши ыктымал. Ошондуктан сак болуңуз.

Жунуу
Түшүндө ким жунуп жатса, анда Алла Талаанын астындагы милдетин аткарат. Эгерде кышында муздак суу менен жунуп жаткан болсоңуз, анда кайгыга батып, убара тартасыз. Ал эми ысык суу менен жунуп жатканыңызды көрсөңүз, анда оору сыркоодон алыс болуп, киреше табасыз. Кадаа –салт менен жунуп, Меккеге даярданып жаткан болсоңуз, бул кубанычтын белгиси. Эгер ооруп жаткан адам жунуп жаңы кийим кийген болсо, Алла Талаа шыпа берип айыгат. Эгер Меккеге барып Хадж кыла элек болсо анда барат. Түрмөдө отурган адам ушундай түш көргөн болсо, абактан чыгат. Карызы көп кыйналып жаткан адам көрсө , Аллах ал кыйынчылыктан чыгып кетүүсүнө жардам берет.

Тоок
Тоок – жеңил ойлуу акылсыз бийкеч. Ким түшүндө тоок кармап алса, мээнети менен акча табат.

Периштелердин кыйкырыгы
Эгер периштелер кыйкырып жатса, турак жайды абайлаш керек.

Периштелерди көрүү
Үйдө кайгылуу нерсе болот.

Периште сиз менен учурашып жатса
Аллах сизге акыл берип, турмушуңуз жакшы болот.

Периштелердин жерге түшүүсү
Кадыры барлардын кадыры түшөт. Кадыры, баркы жоктор баркталат.

Периштелер менен кошо асманга көтөрүлүү
Жакшы иштерди жасап, кадырлуу адам болуп бул дүйнөдөн өтөсүз.

Согуш талаасындагы периштелер
Сиз жеңишке жетесиз.

Периштелер ат минип түшүшсө
Каардуу башкаруучунун көзү өтөт.