"Эркин-Тоо"
Дин

Куран жана сүннөт боюнча түш жоруу

Баш алуу
Эгер адам кайгырып жүргөн болсо, түшүндө башы алынса, кайгыдан кутулат. Карызы бар болсо, анысын берет. Эгер баш алган кишини таанысаңыз, анда ал сизге байлык тартуулайт.

Маймыл
Алланын каарын чакырган күнөөсү көп душман. Кедей, бактысыз адам. Маймылды уруу, ооруп бирок кайра сакайып кетесин деген белги. Маймыл тиштеп алса, бирөө менен урушасыз.

Сөз берүү
Сизде түшүңүздө сөз берген адам сиз үчүн жакшы бир иш кылат. Жакшылыктарын аянбайт.

Булуттар
Булут Ислам динин туюндурат. Булут көргөн адам акылдуу, кооз сүйлөт. Кээде булут кош бойлуу аялды, жамгырды билдирет. Кара булут иштеги кыйынчылыктардын болушу жана жаан убагындагы булут берекеден кабар берет. Булуттарга көтөрүлгөн адам саякатка чыгат. Кара булут — сууктун болушунан да кабар бериши ыктымал.
Кызыл булут — сыркоолоп каласыз. Бирок бат сакайып кетесиз.

Эстен танып жыгылуу
Кайгырасыз. Капаланасыз.

Сүннөткө отургузуу

Жамандыктандан, кыйчалыш нерселерден кутулуу. Эгер сиз сүннөткө отургузулуп жатсаңыз анда сиз күнөөлөрдөн кутулган болосуз. Кыздар көрсө, турмушка чыгышат.

Бут кийим
Сага жалданып иштеген адамды билдирет.
Бут кийим чоң болсо, материалдык жактан чыгым тартып кыйналасыз. Апкыты жок бут кийим, мурда турмушка чыккан аялды билдирет. Бут кийим жоготуу ажырашууга. Сары бут кийим сыркоолоп калгандарга кирет.

Куран жаттоо
Туура жолго түшөсүз.