Кыргызстанда кургак учук дарты менен күрөшүү, бул тармактагы аткарылып жаткан иштерди чагылдырган журналисттер арасында атайын сынак жыл башында башталган. Аны Саламаттык сактоо министрлиги менен Улуттук фтизиатрия борбору менен биргеликте USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору тарабынан уюштурулган. Ошол сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө аныкталды. Белгилей кетсек, сынакка тапшырылган журналистердин эмгектеринин 80%дан ашууну жаш журналисттер тарабынан даярдалган. Сыйлыкты тапшыруу иш-чарасында кургак учукту дарылоо жана бул багытта жасалып жаткан иштер жана анын алдын-ала жыйынтыктары туурасында катышуучу журналисттер өз баяндамаларын жасашып, өздөрү баамдаган көйгөйлөр боюнча ой бөлүшүп, кызыктуу талкуу болду. Сынакка републикабыздын дээрлик бардык аймактарынан журналисттер активдүү катышканын белгилөөгө болот. Өзгөчө Баткен облусунун журналисттери жигердүүлүк көрсөтүшүп, баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Жеңүүчүлөр ТВ, радио, мезгилдүү басылма жана сайт номинациялары боюнча аныкталды. “Эркин Тоо” гезитинин бөлүм башчысы Бегим Турдалиева гезиттер арасында биринчи орунга ээ болуп, акыркы үлгүдөгү ноутбук менен сыйланды.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы