“Эркин-Тоого” 30 жыл
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 30 жылдык тарыхында 11-башкы редактор эмгектенүүдө. Курманбек Рыспаев гезитибиздин 9-башкы редактору. Ал 2016-2017-жылдары гезитибизди жетектеди. “Эркин-Тоонун” 30 жылдык мааракесине байланыштуу аны менен болгон маегибизде төмөндөгүлөрдү айтып берди.
Маданий-агартуучулук казына
— “Эркин-Тоо” 30 жылдан бери мамлекеттин саясатын жүргүзгөн өз үнү, окурмандары, аудиториясы бар гезит. 2016-жылдын башында бул гезиттин башкы редактору болуп дайындалып калдым. Ошол жылы “Эркин-Тоо” 25 жашка чыгып, жалпы жамаат менен мааракесин белгиледик. Маараке ийгиликтүү өттү. “Эркин-Тоо” гезитинин 30 жылдык тарыхында жарыялаган материалдары, мыйзам-токтомдору жана башка маалыматтары өзүнчө архив сыңары кыргыз элинин маданий-агартуучулук бай казынасынын бири болуп калат. Гезиттин тарыхында кандай гана адамдар менен “тегерек стол”, “түз байланыштар” уюштурулбады, тарыхый инсандардын өмүрү жазылбады, калемгерлердин чыгармалары басылбады. Чынында эле гезиттин казынасы табылгыс баалуу маалыматтарга ээ.
Гезиттин мезгили өттү дегендер жаңылышат
-Азыр электрондук басылмалар көбөйүп, жаңылыктар алаканга салгандай ачык көрүнүп турат. Элге, коомго жеткиликтүүлүгү жагынан сайттар, ФБ, инстаграм, ютуб канал жана башкалар басымдуулук кылууда. Электрондук басылмалардын, интернет сайттардын ролу жогорулады, санариптештирүүнүн заманы дегенибиз менен республиканын алыскы аймактарында интернет жакшы тартпайт. Ал тургай, электр жарыгы жок тоо арасындагы айылдар кездешет. Ушундай аймактарды “Эркин-Тоо” өңдүү гезит-журналдар жаңылыктар менен камсыздап турушат. Анын аудиториясын кеңейтүү үчүн окурмандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жолдорун издөө керек. Ошондой эле гезиттин окумдуулугун арттыруу үчүн чыгармачыл жамааттын талбай изденүүсү талап кылынат.
“Гезит окулбай калды, аны барактап маалымат издегенге караганда, уюлдук телефонуңду ачсаң дүйнө жаңылыктары көз алдыңда”, — деген кептер айтылып келет. А бирок дүйнөдө өнүгүү жагынан алдыга озгон Америка, Япония сыяктуу өлкөлөрдө азыр да гезиттер өз маанисин жоготпой коомдогу ойногон ролу зор. Эгерде “жетишип калдык, гезиттер окулбайт”, десе бул өлкөлөрдө гезиттер жабылып калмак эле. Ал эми биздин шартта бирден-бир мамлекеттик расмий гезит болгон “Эркин-Тоого” мамлекет тарабынан колдоо болуусу кажет.
Мыйзам, документтерди жарыкка чыгаруу маанилүү миссия
— Жамаат ичинде жакшы чыгармачыл атмосфера түзүлгөнү маанилүү. Кабарчылар, корректорлор ал тургай, айдоочу менен баш редактордун мамилеси жакшы болбосо гезиттин чыгышына терс таасирин тийгизет. Чыгармачыл адамдар сезимтал келишет эмеспи. Аларга аяр мамиле жасадым. Ошол мезгилде жамааттын бири-бирине болгон кадырлоосу артып, ынтымактуу коллектив болгонбуз. Гезиттин сапаттуу, сабаттуу чыгышына аракет кылып, биринчи бетин оңдодук. Көркөмдүгү, окумдуулугу артып турса, башка гезиттер арасында кадыр-барктуу болот эмеспи. Гезит беттеринин тартыштыгына карабай айрым акын-жазуучулардын чыгармаларына да орун бердик. Анткени эл арасында алардын чыгармаларын күтүп окугандар бар. “Эркин-Тоо” гезитинин негизги көйгөйү – беттердин тартыштыгы. Көп учурда жарлыктар, мыйзамдар, токтомдор басылып, журналисттердин макалалары кезек күтүп калат. Мыйзамдар, токтомдор көпчүлүк үчүн кызыксыз болгону менен алар да керек жана аларды жарыкка чыгаруу “Эркин-Тоонун” ардактуу миссиясы деп айтаар элем.
Расмий гезиттин журналисттерин “расмий сапарларга” кошуу керек
— “Эркин-Тоо” гезитинен Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына кеттим. Ал жакта иш тынымсыз жүрүп турат. Бошой калганымда Жогорку Кеңешке келген гезитти барактап, ичине үңүлөм. Андагы жарык көргөн макалалар менен таанышам. Гезиттеги жаңылыкты электрондук басылмадан окусаң башка, ал эми колго кармап окусаң көөнүң толот. Болбой эле редактор болуп иштеген адам катары шрифтине, темасына, макаланын берилишине көзүң чалдыгып, өзүнчө бүтүм чыгарасың.
“Эркин-Тоонун” чыгышына жана элге жетишине редакция гана эмес Өкмөт да кызыкдар болуп, жазылууну уюштуруп берсе деген ойдомун. Анткени редакция жамааты мамлекет үчүн, эл үчүн иштеп жатышат. Мамлекеттин саясатын элге жеткизип жаткан маалымат каражаттары саналуу эле. Мыйзам, токтом жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди калкка жеткирген “Эркин-Тоого” өзгөчө мамиле болушу керек. 32, 64 бетти ээлеген мыйзамдарды, токтомдорду басып чыгарганыбыз үчүн басмаканага карыз болгон учурлар болду. Андыктан мамлекет жок дегенде типографиялык чыгымдарын жабууга каражат бөлүшү керек деп эсептейм.
Мында иштегендердин баары эле үйлүү эмес. Демек, аларга социалдык колдоолорду көрсөтүү зарылчылыгы бар. Мамлекет башчыларынын кандай гана расмий сапарлары болбосун гезиттин журналисттеринен чет өлкөлөргө алып чыгуу керек. Акыркы кезде буга такыр көңүл бөлүнбөй калды. Мурда мамлекет жетекчисинин чет өлкө сапарларына өкмөттүк гезиттердин журналисттери сөзсүз кошулчу. Ушуга окшогон колдоолор гезиттин баркын да, журналисттердин чыгармачылыгын да көтөрөт. Казакстанды алсак, мамлекеттик расмий гезиттин журналисттеринде соцпакеттер каралып, социалдык колдоого ээ.
Залкар инсандар тууралуу архив табылгыс байлык
— Мындан бир нече жыл мурун Тилекмат аке жөнүндө документалдык фильм даярдоо үчүн Көлгө барып эл оозунан сураштырдым, тарыхчыларга кайрылып көрдүм. Маалымат өтө аз. Тилекмат аке жөнүндөгү эл оозундагы айтылган пикирлерди эске алганда маалымат абдан көп болушу керек эле. Ар кимден сурап, музейлерден издеп, араң таптык. Колдон келсе залкарлар жөнүндө сөзсүз видеолорду, документалдык фильмдерди, китептерди, гезиттик материалдарды сакташыбыз керек. Мисалга алсак, журналист Тенти Орокчиевдин топтоп кеткен аудиоматериалдары кыргыз маданияты үчүн табылгыс зор байлык экенин талашсыз. Азыр залкар адамдарды жазып, видеого материалдарды топтоп албасак, келечек муун алар тууралуу эч маалымат таба албай калышат. Мында гезиттин да ролу чоң. Айрыкча залкар инсандар тууралуу ар тарабынан келечек муунга үлгү болоорлук, тарбиялык маанидеги аңыз кеп калтырышыбыз керек.
Жыл башынан тарта “Эркин-Тоо” гезитинин ютуб каналы интернет айдыңында жандана баштады. Туура, заман талабына жараша электрондук форматын күчтөндүрүп, анын көп багыттарын ачуу зарыл. Аны менен бирге гезитти да өнүктүрүп, айыл өкмөттөрүнө, мектептерге, ФАПтарга, ооруканаларга улам жаңы саны жетип тургандай болушу керек. Ошону менен бирге айыл калкынын жашоо турмушун чагылдырууга басым коюлса туура болот.
Асел Барыктабасова

