"Эркин-Тоо"

Курманбек ЖОРОЕВ: “СОТ БОЛУУ БАЛА КЕЗДЕГИ КЫЯЛЫМ ЭЛЕ”

Курманбек ЖОРОЕВ, Кыргыз Республикасынын Сот ардагерлер кеңешинин төрагасы

Курманбек Жороев Кыргызстандын сот системасында өмүр бою ак кызмат өтөп, зор кадыр-барк топтогон белгилүү юрист. Ал бүгүнкү күндө 70 жаштын сыйын көрүп, республикалык сот ардагерлер кеңешинин төрагалык кызматын аркалап, коомдук иштер менен алек болуп келет. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, КМШнын экономикалык сотунун ардактуу кызматкери жана башка жогорку даражадагы наамдардын ээси. Курманбек Жороевич менен болгон маегибизде ардагер сот өмүртаржымалы, басып-өткөн жолу тууралуу айтып берди.

— Курманбек байке, сиздин өмүр-таржымалыңызга көз жүгүртсөк, эмгек жолуңузду механизатор, куруучу болуп баштаган экенсиз. Анан кандайча сот болуп калдыңыз?

— Мектепте окуп жүргөндө эле эмнегедир юристтик кесипке кызыгуум артып калды. Биз эми жакшы заманда билим алып калдык. Ленин (азыркы Ноокен) районунун Сакалды айылындагы №10 орто мектепте орто билим берүү менен бирге кесиптик адистикке окутушчу. Мектептен плотник, механизатор деген кесипке күбөлүк алып чыкканмын. Таята-таенемдин колунда чоңойдум. Турсунахун Айтиев деген таякем техникага жакын, эмгекке бышкан адам болчу. Ошо кишини ээрчип жүрүп техниканын сырларын билип, жер иштеткенди үйрөндүм. 9-класста окуп жүргөндө пахта терүүчү трактор айдадым. 600 сом айлык чыгыптыр. Андан кийин курулуш мекемесинде иштедим. Армияда эки жыл кызмат өтөгөндөн кийин борбор шаарга келип Фрунзе заводунда тетиктерди оңдоо боюнча слесарь болуп иштедим. Ошону менен бирге Авто жол техникумуна кечки бөлүмгө окууга кирип алдым.

Армияда жүргөндө эле юристтик кесипке катуу даярданып жүрдүм. Ошол максат үстөмдүк кылып кетти окшойт. Техникумду таштап, юридика факультетине тапшырып, бала кездеги кыялым орундалды.

— Ал кезде таанышы жок юридикалык факультетке өтүү кыйын болсо керек эле…

— Туура айтасың. Фрунзе заводунда Социалисттик Эмгектин Баатыры Василий Слюсаровдун бригадасында иштеп калганым жакшы болуптур. Ошол белгилүү инсан мага юридикалык факультетке жолдомо берген. 1974-жылы насип экен өзүм каалаган факультетке өтүп кеттим.

— Кимдер менен окудуңуз? Белгилүү инсандар барбы?

— Туз насип буйруп Жаңыл Алиева, Курманбек Осмонов, Мамадияр Исабаев жана башка сот системасындагы билгилүү инсандар менен бирге окудум. Жогорудагы үчөө университетти артыкчылык диплому менен бүтүрүштү. Баса, кийин ушул курсташтарымдын үчөө тең Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы болушту. Мен жогорулатылган стипендия алып окуп, окуу жайдын кызыкчылыгын коргоп спорт боюнча бир топ ийгиликтерге жетишип жүрдүм. Анткени, ага чейин бокс, каратэ менен машыкчу элем. Тейфуров деген тренерибиз ошол учурда ички иштер органдарынын балдарын расмий түрдө каратэ менен машыктырчу. Мен дагы ошолорго кошулуп калганмын. Университетти аяктагандан кийин Юстиция министрлигине бөлүндүм. Юстиция министри Мухтар Жумабаев мени жылуу кабыл алды. Ал учурда сот, прокуратура, сот тутумунда, ички иштер органдары, коопсуздук кызматында иштегендер өзүлөрү университетке барып бүтүрүүчүлөрдү тандап алышчу.

— Юристтик кесипти аркалаган алгачкы эмгек жолуңуз кайсыл жерден башталды?

— 1980-жылы Ново-Павловка менен Маловодное айылдарынын эли шайлап, Сокулук райондук элдик сотко судья болуп кеттим. Анда сотторду эл шайлачу. Ошол жерде жети жылдан ашык иштедим. Бир топ резонанстуу кылмыш иштерин карадым. Бардыгын мыйзамдын чегинде чечкенге болгон дитимди коюп иштедим. Менин сот тармагындагы жетишкендиктеримди жогору баалап, Фрунзе шаардык сотунун төрагасы Майрам Шакеев баш калаабызга чакыртып алды.

Ал эми 1990-жылдары Жогорку Соттун төрагасы Мадан Алымбеков өзү ишке чакырды. Соттор Жогорку Советтин президиуму аркылуу шайланчу. Анда төрага Таштанбек Акматов болсо керек эле. Жогорку Советтин президиумунан сүйлөшүүдөн өтүп, Жогорку сотко судья болуп шайланганмын. Ош окуясындагы кылмыш иштерин иликтедим. Жети жыл ушул иш менен алек болдум. Жогорку соттун профсоюзунун төрагасы Роза Отунбаеванын атасы Исак Отунбаев эле. Ошол киши мага профсоюз уюмунун төрагалык кызматын тапшырып кеткен. Жогорку сотто Мадан Алымбеков, Качкынбай Бообеков, Мамадияр Исабаев, Курманбек Осмонов, Жаңыл Алиева төрагалык кылган жылдары иштеп калдым.

— Сиз эл аралык деңгээлдеги КМШ мамлекеттеринин экономикалык сотунда дагы судья болуп иштеп жүрүптүрсүз. Бул жакка кандайча барып калдыңыз же Акаев менен мамилеңиз жакшы беле?

— 2000-жылы №7 Жибек Жолу шайлоо округу боюнча Бишкек шаарынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болгом. Экинчи турга Борис Гогаев экөөбүз чыгып калдык. Ошол учурдагы бийлик Б.Гогаевди колдоп, парламентке өткөрүп жиберди. Президент Аскар Акаев мени капа болуп калды дедиби, Минск шаарында жайгашкан КМШ мамлекеттеринин экономикалык сотуна судьялык кызматка сунуш кылган. Ал жерде алты жыл иштедим.

— Сизге учурунда Жогорку соттун төрагалык кызматын сунуш кылганда баш тартып койгон дешет, ушул сөз чынбы?

— Чын. 2006-жылдары Жогорку сотко төрага болосуң деген сунуш түшкөн. Биринчиден, төрага болуш үчүн сотто судья болуп иштешим керек эле. Төрагалыкка шайлоого айрым бир процедуралары туура келбейт болчу. Экинчиден, ал жерде төрага болуп курсташым, жолдош балам Курманбек Осмонов иштеп жатса, орун талашкым келген жок. Ошондуктан, ал сунуштан баш тарттым. Кийин Бишкек шаарынын башкы прокурору кызматына сунуш түштү. Ал жакка дагы барган жокмун. Анткени, шаардын башкы прокурору Өмүрбек Кутуев болчу. Мен Сокулук райондук эл сотунда судья болуп иштеп жүргөндө Өмүрбек Кутуев райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы болчу. Ал жакта тыгыз байланышта кызматташып, үй-бүлөбүз менен катышып жүрдүк. Анан Кыргыз Республикасынын Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигин башкарууга макулдугумду бердим.

Ошол учурда дүйнөнүн 138 мамлекети коррупция менен күрөшүү боюнча кабыл алган конвенциянын негизинде жаңы агенттиктин мыйзам актыларын жазууга түздөн-түз катыштым. Структурасын түздүм. Ар бир мамлекеттик мекемеде коррупция менен күрөшүүчү бөлүмдөрдү ачтырууга жетиштик. Бир сөз менен айтканда аталган агенттиктин алгачкы жетекчиси болдум. Ал жерде тогуз ай иштеп, кайра Жогорку сотко судья болуп кеттим. Ошентип 2007-жылдан 2017-жылга чейин Жогорку сотто иштеп, мөөнөтүмөн мурда отставкага кеттим.

— Эмне үчүн мөөнөтүнөн мурда отставкага кеттиңиз? Бийликтен басым болдубу?

— Ошол учурда мыйзамсыз соттолуулар башталды. Каалаганын соттоп, каалаганын актаган учур келген. Ошондой мыйзамсыз иштерге аралашып калбайын деп, өз арызым менен иштен кеткенмин. А негизи 2022-жылга чейин Жогорку сотто иштешим керек болчу.

Ушул жерде бир нерсени айта кетейин. Алмазбек Атамбаев Президент болуп турганда сотторду тандоо турунан өткөнүмө карабастан, менин талапкерлигиме каршы болуп вето койгон. Кайра арыз менен кайрылсам, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн бардыгы менин талапкерлигимди колдошуп, ошолордун токтому аркылуу Жогорку Кеңештеги 101 депутаттын 99у мени колдогон. Жогорку сотко мына ушундай ишеним менен барган жалгыз сотмун десем болот.

— Бүгүнкү күндө Сот ардагерлер кеңешинин төрагасы кызматын аркалап жатыптырсыз. Ардагерлер кеңеши эмне иш аткарат?

— Кыргыз Республикасынын Сот ардагерлер кеңешинин төрагасы кызматы коомдук башталыштагы жумуш. Бирикменин 112 мүчөсү бар. Бул коомдук бирикмени түзүү демилгеси 2009-жылы соттордун курултайында кабыл алынган. Коом уюшулган күндөн Жогорку соттун мурдагы судьясы Турсун Алымбеков төрагалык кылып келген. 2021-жылдын март айында ардагерлердин жалпы жыйынында   мени бир добуштан төрагалыкка шайлашкан. Сооронбай Карабаев менен Замира Амиракулова менин орун басарым. Өзүбүздүн мүчөлүк акыбыз бар. Ардагерлер кеңеши жергиликтүү соттор менен карым-катнашта болуп, пенсияда жүргөн ардагер соттордун ал-акыбалын сурап, аларга колдон келген жардамын берип турат. Сот реформаларын жүргүзүүдө колдон келишинче өзүбүздүн сунушубузду айтып жатабыз. Мурдагы Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова, азыркы төрагабыз Замирбек Базарбаев дагы биздин коомубузга өтө жакшы жардам берип жатышат.

— Сот ардагери катары учурдагы сот системасынын ишине кандай баа бересиз? Сот реформасы үзүрүн берип жатабы?

— Сот болуп иштеш оңой эмес. Бул өтө оор иш. Колуңда адамдын тагдыры калчанып турат. Сотторго же айыпталуучу адам, же жабырлануучу тарап сөзсүз нааразы болот. Ошондуктан, мыйзамдын тараза ташын туура коюш үчүн канчалаган нерв, эмгек кетет. Негизи сот реформасы жүрүп турушу керек. Анткени, заман өзгөргөнү кылмыштын түрү көбөйдү. Андыктан, мыйзамдар замандын талабына жооп берип, соттор дагы билимин өркүндөтүп турушу кажет. Сот системасында маселе бар. Маселен, кадр саясатындагы мүчүлүштүктөргө токтолоюн. Сотто кеңешчи, жардамчы болуп жүргөн адистерди даяр сот десек болот. Анткени, алар сот иштерине күнүгө катышып, кааласакаалабаса дагы соттук иш менен таанышып турушат. Азыр адвокатура, нотариус же ишканаларда юрист болуп жүргөндөр сот болуп алган учурлары кездешүүдө. Мурда ардагер сотторду кеңешчи катары пайдаланышчу. Ушул саамалык токтоп калды. Бизде өтө тажрыйбалуу, билими терең, акылы зирек ардагерлерибиз бар. Жергиликтүү соттор 65 жаштан, Жогорку сот менен Конституциялык соттун судьялары 70 жаштан пенсияга чыгышат. Учуру келди деп эле кетире бербей, “Атаң алтымышка чыкканда алдап күчүн ал” демекчи, ардагер соттордун тажрыйбасын пайдалана билишибиз керек.

— Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

— Эки кыз, бир уулум бар. Эң улуу кызым Беларусиядагы мамлекеттик университетинин юридика факультетин кызыл диплом менен аяктаган. Азыркы күндө адам укуктары боюнча Даниянын уюмунда эксперт болуп иштейт. Экинчи кызым дагы юристэкономист. Уулум болсо юридикалык билимге ээ болгону менен азыр ишкерлик менен алектенип жүрөт. Сегиз неберем бар. Улуу неберем Америкада электроникинженер адистигине окуп жатат. Учурда Ташкенттин ТЭЦинде өндүрүштүк практикадан өтүп жатат. Келинчегим педагогдук кызматты аркалап келди. Дагы деле күч-кубат бар. Өлкөдөгү сот системасынын өнүгүшө колдон келген салымымды кошуш үчүн иштеп жүрөбүз. Курманбек байке, үйбүлөңүз менен аман болуп, тилеген максаттарга жете бериңиз.

Маектешкен Шекербек КАЛЫКОВ
№50 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 23-июну

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!