"Эркин-Тоо"

КУРМАНКУЛ ЗУЛУШЕВДИН УБАДАСЫ АРА-ЖОЛДО КАЛБАСА

Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылынын тургуну Эрнис Исабеков айылдагы “жер мафиясына” каршы аттанып, далайлардын жүзүн ачууга киришкен. УКМК төрагасына, баш прокурорго гезит аркылуу кайрылып, тыңгылыктуу жооп болбогон соң Курманкул Зулушевдин Ысык-Көл районунун тургундары менен жолугушуусунда көйгөйдү бетине айтып чыкканы бар. Эрнис Исабековдун датын уккан Курманкул Зулушев ишти жеке көзөмөлүнө алып, ушул күндөрү Ысык-Көлдөгү прокуратуранын чоң-кичине чиновниктери Эрнис Исабековдун тизмектегендеринин бетин ачууга киришкени, адилеттүүлүк арыз ээси тарапта экенин эмитен айта башташканынан кабардар болдук. Эми бул ишти Курманкул Зулушев иштин көбүнөн унутуп калбай, аягына чейин көзөмөлгө алса жер алууга ынтызар көптөгөн жаштардын алкышына арзыйт беле? Биздин кабарчы да бул маселеге салкын мамиле кылбай, иштин артынан сая түшкөнү бар. Көйгөйгө тыкыр көз салып, иштин кандай нукта уланып жатканынан коомчулукту кабардар кылып турмакчыбыз.

№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры

 

Пример HTML-страницы