Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында «Курманжан» спектаклинин премьерасы өттү.
Спектакль Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин «Курманжан датка» ыр-романынын негизинде сахналаштырылып, автордун 100 жылдык мааракесине арналды. Анда Алай ханышасы Курманжан датканын өмүр жолу, эл-жер үчүн жасаган иштери жана энелик кайраты чагылдырылды.
Курманжан датканын ролун аткарган Кыргыз Эл артисти Назира Мамбетова Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Ошондой эле театр жамаатына Ош шаардык мэриясынын ыраазычылык каты тапшырылды.
Спектаклдин режиссёрлору — Кыргыз Эл артисти Талант Апыев жана Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Уланмырза Карыпбаев.

