"Эркин-Тоо"

КУРСКИДЕГИ КАРМАШ

«Reuters» маалымат агенттиги, украин армиясы Орусиянын Курск облусунда ээлеп турган аймактарынын 40 пайыздан ашыгын колунан чыгарганын өткөн аптада жазып чыкты. Ал эми Украинанын Президенти Владимир Зеленский 23-ноябрда, Орус Президенти Владимир Путин январь айында Кошмо Штаттарда жаңы президент кызматка киришкенге чейин Украинадагы согушка байланыштуу бир нече планын жүзөгө ашырууну көздөп жатат, — деп билдирген. Ошондой эле Киевде “Украинадан дан” деп аталган үчүнчү эл аралык саммитте сүйлөгөн сөзүндө Москва Дональд Трамп ант бергенге чейин Донбасска толук көзөмөлүн орнотууну, украин күчтөрүн Орусиянын Курск облусунан сүрүп чыгарууну көздөп жатат. Путин үчүн эң маанилүү нерсе – бизди Курск аймагынан сүрүп чыгаруу болуп турат. Жаңы ракеталар менен атайын мисал үчүн урулган соккулардын баарынын себеби бар. Ал бизди 20-январга чейин сүрүп чыгарууга тапшырма берди. Кырдаал анын көзөмөлүндө экенин жалпы коомчулукка көрсөтүү ага абдан маанилүү. Бирок ал абалды көзөмөлдөй албайт, — деп тынчсызданганын баса белгилеп айткан.

Дүйнө коомчулугуна маалым болгондой, август айында Украинанын куралдуу күчтөрү Орусиянын Курск облусуна күтүүсүздөн кирип барып, жалпысынан украин армиясы Курскидеги 1400 чарчы чакырымдык аймакка өз көзөмөлүн орноткон эле. Учурда Курскиде Орус аскерлери менен украин күчтөрүнүн ортосунда кармаш курч абалда өтүүдө. АКШда Президент болуп кайра шайланган Дональд Трамп ишке расмий киришкенден кийин Украинадагы согушту токтоторун убада кылганы маалым. Эксперттердин саресеби боюнча, эгер Орусия ага чейин Курскиден украин күчтөрүн артка чегиндире албаса, анда бул аймактын башын ачуу үчүн Украинада ээлеп турган кайсы бир райондордон Орус аскерлери чыгып кетүүгө аргасыз болушу мүмкүн.

Украин армиясынын Башкы штабындагы маалымат булагынын «Reuters» маалымат агенттигине билдирүүсүндө, соңку айларда Путин Курск облусуна он миңдеген аскерлерди жөнөтүп, украин куралдуу күчтөрүнө тынымсыз чабуул коюп жатканы кабарланды. Август айынан бери Орус аскерлери Курскиде украин куралдуу күчтөрү ээлеп турган аймактардын 40 пайызын кайра алууга жетишкени маалым болду.

РАКЕТАЛАР СОГУШУ

Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрү Курскидеги аймактардан украин аскерлерин сүрүп чыгаруу үчүн Түндүк Кореядан 11 миңден ашык аскер алып келгени кабарланган. Түндүк кореялык аскерлер өткөн айда Орусияга келгени белгилүү болсо да, азырынча алардын согуштук аракеттерге канчалык катышып жатканы беймаалым. Украина Президенти Владимир Зеленский украин армиясынын аракеттери Курскиде орус күчтөрүн чоң жоготууга дуушар кылып жатканын маалымдап келет. Жакында украин тарап менен Батыштагы бир катар расмий өкүлдөр да согуш тилкелеринде бир күндө 1500дөй орус аскери каза таап, жаракат алып жатканын тастыктаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги болсо орус күчтөрү Курскиде украин аскерлерин “талкалап жатканын” 24-ноябрдагы билдирүүсүндө баса белгиледи. Министрлик Орусия украин аскерлерине артиллерия, авиация менен сокку уруп жатканын, Курскиде кармаш башталгандан бери Украина “35 миңден ашуун аскеринен” ажыраганын маалымдады. Бирок расмий Киев бул маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Өткөн аптада АКШ менен Улуу Британия Украинага ATACMS жана STORM SHADOW ракеталары менен Орусиянын ичкери аймагына сокку урууга уруксат бергени белгилүү болгон. Америка Кошмо Штаты чыгарган ATACMS жана Улуу Британияда жасалган STORM SHADOW ракеталары бутага жогорку тактык менен узак аралыктан сокку ура алары белгилү. Украина бул ракеталарды колдонуу менен Орусиянын Курск облусуна жана ага жанаша жайгашкан Белгород аймагына сокку урганы кабарланууда. Расмий Москва бул ракеталардын өндүрүүчүлөрү түздөн-түз катышпаса, украина тарап өз алдынча ал ракеталарды колдоно албайт эле, — деп АКШ менен Англияны күнөөлөп келүүдө.

Орусия 21-ноябрда Украинанын аскердик заводдору жайгашкан Днепропетровск аймагын орто аралыкка сокку уруучу жаңы ракетасы менен бутага алган. Расмий Киев Орусияны баллистикалык ракета менен аткылап жатат деп айыптоодо. РФ Президенти
В. Путин бул чабуул расмий Вашингтон менен расмий Лондондун ракеталарына байланыштуу соңку чечимине жооп экенин айтып, “ОРЕШНИК” деп аталган жаңы ракета үндөн да тез уча аларын, өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү экенин билдирген.

“Дүйнөдө азырынча эч кимдин мындай куралы жок. Ооба, эртеби, кечпи, башка алдыңкы өлкөлөрдө пайда болот. Жасап чыгууга аракеттерди көрүп жатканын билебиз. Ошентсе да ал эртең, же бир жылдан кийин же эки жылдан кийин болот. Бирок биздин колубузда бул система бүгүн бар. Бул эң маанилүү” деп билдирген В. Путин 22-ноябрда аскер жетекчилери менен болгон жолугушуусунда.

ФРОНТТОГУ АБАЛ

Орус армиясы 24-ноябрга караган түнү Украинага дрондор менен сокку урууну улантканы айтылууда. Киевдеги аскердик администрация абадан коргонуу системалары ондон ашык дрондорду атып түшүргөнүн, кыйроолор жана жабыркагандар жок экенин билдирген. Украин Армиясынын маалыматына ылайык, жекшембиге караган түнү Орусия Украинаны көздөй жалпы 73 дрон учурса, алардын 50дөйү атып түшүрүлгөн. Орусиянын Коргоо министрлиги да украин армиясы учурду деген 30дан ашуун дронду атып түшүргөнүн маалымдады. Алардын 27си Курск облусунда жок кылынган.

Курскинин губернатору Алексей Смирнов алыстан башкарылуучу учуучу аппараттардан тышкары облус аймагында Украинанын эки ракетасы атып түшүрүлгөнүн билдирген. Ал кандай ракета экени такталган эмес. Орусиянын согуштук аракеттерин пропаганда кылган Телеграм-каналдар Курск облусун бештей ATACMS жана STORM SHADOW ракеталары бутага алганын жазышты. Орус армиясы Украинанын чыгышында, Велика Новосиловка шаарчасынын айланасында акырындык менен алдыга жылып жатканы кабарланууда. Бул маалыматты украин армиясы менен байланышы бар Deep State уюму жана бир катар аскердик аналитиктер ырасташууда.

Украина аскерлеринин жетишсиздигинен улам Орусиянын чабуулдарына олуттуу деңгээлде туруштук бере албай жатканы, орус куралдуу күчтөрү согуш тилкесин жырып өтпөйбү деген кооптонуулар бар экени айтылууда. Орус армиясы жоготууларга учураганы менен аскер кызматчыларынын катарын жакшы айлык сунуштоо сыяктуу ыкмалар менен убагында толуктап жатканы айтылууда. В. Путин 23-ноябрда мындай чараларды дагы кеңейтип, Украинада согушууга макул болгон жарандардын карызын кечүүгө жол ачкан мыйзамга кол койгону маалым болду.

РФ 1-декабрдан тарта Украинада согушуу үчүн Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишимге кол койгон жарандын 10 миллион рублга чукул карызын кечет. Бул сан Орусиянын аймактарындагы бир адамдын бир жылдык айлыгынан бир нече эсе жогору. Жаңы мыйзам 1-декабрга чейин карызын төлөй албаганы үчүн жоопко тартылган бардык жарандарга тиешелүү болот.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы командачысы Валерий Залужный соңку маектеринин биринде украин армиясы жаңы технологиялар менен жабдылганын, андыктан фронтто орус аскерлеринин коргонуу тилкелерин жырып өтүүсүнө жол бербей турганын ишенимдүү билдирген. Согуш башталгандан бери Украина да, Орусия да чалгындоочу жана сокку уруучу дрондорду чыгарууну күчөтүп келет. Ошондой эле радиоэлектрондук жабдыктарга да өзгөчө көңүл буруп жатышат. Аналитиктер Украина – аскерлердин жетишсиздигин жаңы технологиялардын жардамы менен жарым-жартылай толтуруп жатканын айтышууда.

                                                                                                                                Бахпурбек Аленов

 

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!