"Эркин-Тоо"
Бабалардын изи менен... Эркин Тоо гезити

КУРУЛТАЙ МАСШТАБДУУ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮДӨ

Жер-жердеги, айыл-аймактардагы көйгөйлөр айтылып келген Курултай быйыл да өткөнү турат. Тактап айтсак, IV Элдик курултай үстүбүздөгү жылдын 22-декабрында өткөрүлмөй болду. Президент кол койгон жарлыкта белгиленгендей, ага 700 делегат катышат. Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо, координациялоо боюнча уюштуруу комитети жана убактылуу жобо бекитилди. Эми делегаттар «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык шайланып, эл тарабынан тандалып келет.

Белгилей кетсек, былтыр III Элдик курултай 20-21-декабрь күндөрү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөн. Курултайга Президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, аймактардан шайланып келген 700гө жакын делегат катышкан. Катышкан делегаттардын 539ун эркектер, 161ин аялдар жана 61ин Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү түзүп, 30 делегат чет жактагы диаспоралардын жана мекендештердин бирикмелеринен келген.

Курултайда көптөгөн маселелер көтөрүлгөн. Алардын катарында чет өлкөлүк ЖМКга сөз берилеби деген суроо салынып, коомчулукту таң калтырган фактылар айтылган. Тагыраагы, чет өлкөлөрдөн бейөкмөт уюмдарга жана ЖМКларга келген каражаттар боюнча жашырылган сырдын бети ачылган. Маселен, айрымдарын атап айтсак, Дина Маслова жетектеген «Кактус медиа» басылмасына Сорос фондунан 2021-жылы 35 миң доллар, 2022-жылы Интерньюстан 23 миң 185 доллар, Сорос фондунан дагы 22 миң 250 доллар келген. Жалпы 2 жылда 80 миң 535 доллар алган. «Клооп медиага» 2021-жылы америкалык Демократияны колдоо фондунан 585 миң 500 доллар, 2022-жылы АКШ элчилигинен 25 миң 250 доллар келген. Ошондой эле Сорос фондунан 9 миң 305 доллар, 23 миң 185 доллар Интерньюстан, 8 млн сом өз ыктыярдуу кайрымдуулуктан берилген. Жалпы 2 жылдын ичинде 643 миң 240 доллар алган. «Азаттык» үналгысына 2023-жылы Демократияны колдоо фондунан 2 млн 270 миң доллар, ошол эле фонддон 2024-жылы 2 млн 297 миң доллар келген. Жалпы 2 жылда 4 млн 567 миң доллар алган. Кайыргүл Орозбай кызы жетектеген «Говори ТВга» 2021-жылы америкалык Демократияны колдоо фондунан 34 миң доллар, 83 миң 627 евро келген. Полит- Клиникага 2020-жылы 41 миң 800 доллар, 2021-жылы 54 миң доллар, жыйынтыгында 95 миң 800 доллар келген. Ал эми Азиза Абдрасулованын «Кылым Шамы» 2018-жылдан бери 21 млн 168 миң 608 сом алганы айтылган.

Мына ошол көз карандысыз ЖМКлар боюнча суроого жооп бергенде Президент Садыр Жапаров Европа парламентинин депутаттарына кайрылып, өлкөнүн ички саясатына эч ким кийлигишпеши керектигин белгилеген.

Президенттин так далил, кашкайган факты менен айтылган сөздөрүнөн кийин сырттан болгон кийлигишүү, таңууланган баалуулуктар кадимкидей тыйылды. Мамлекетибиздин ынтымагын ыдыратууга, стабилдүүлүгүнө доо кетирүүгө, өнүгүшүнө тоскоолдук жаратууга болгон аракеттер, маалыматтык чабуулдар бир топ солгундаганы байкалган. Бул Курултайдын ийгилиги, жемиши десек болот. Эми быйылкы Элдик курултайда дагы ири масштабдагы орчундуу маселелер көтөрүлүп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө кедергисин тийгизген көйгөйлөр айтылып, алардын баары чечилишине тилектешпиз.

Кылычбек Кудайбергенов