"Эркин-Тоо"

КУРУЛТАЙ МЕНЕН АТА­-БАБАНЫН ЖОЛУНА БАРАБЫЗ!

Былтыр 25-ноябрда, Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 1072 делегат катышкан Элдик Курултай болгон. Анда жер-жердеги көйгөйлүү маселелер көтөрүлүп, өлкөдөгү саясий жана социалдык абал боюнча пикирлер айтылган. Быйыл Элдик Курултай 15-декабрда 700 делегаттын катышуусу менен өткөнү турат, ага саналуу күндөр калды.

Ата-бабалардын жолуна алып чыкчу улуу мурастын бири Курултай институту экенин баарыбыз аңдап калдык. Өзгөчө мыйзам кабыл алынып, ага Президент тарабынан кол коюлгандан бери мааниси жогорулады. Курултайды карасак, тээ байыркы доордон бери, атабыз Манастан бери келе жатканы маалым. Ошол маалдарга назар таштасак, бул институт биздин башкаруу системабыз болуп келгенин көрөбүз. Биз эми ар кимди ээрчий бербей, ошол жолго карай жылышыбыз керек. Сөздүн чынын айтканда, курултай менен биз бара-бара адилет башкарууга келип, дүйнөгө демократиянын эң мыкты үлгүсүн алып чыгарыбыз бышык.

Хан бийлигин эл бийлиги көзөмөлгө алган мындай улуу салт дүйнөдөгү бир да элде жок. Мисалы, СССРдин убагында ушул сындуу теңчилик түшүнүгү калыптанган, бирок дээринде жете албады. Союз талкалангандан кийин базар экономикасы орноп, байлар мамлекеттик мекеме, ишканаларды менчиктештирип алганына күбө болдук. Коомдо ажырым жаралды. Байлар жана кедейлер деген бөлүнүүнүн кесепетинен мамлекетибиздин тагдыры бычак мизине коюлуп, үч революция болду. Мына ушундай кырдаалда элдин үнү чагылдырылсын деген максат менен Курултай институту мыйзамдаштырылып отурат. Бул туура болду.

Анткени, саясаттагы опурталдуу кырдаалдарда Жогорку Кеңешти таппай калып жатабыз. Мындай абал парламенттеги депутаттардын 95 пайызын капчыктуулар түзүп келгендигинен улам болууда. Мындан сырткары, Жогорку Кеңешке жалаң байлар келип алгандыктан ылдыйкы катмардагы карапайым калктын үнү чагылдырылбай калууда. Ошол себептен Президент эрктүү кадам жасап, Курултайды Конституцияга киргизди. Депутаттар моюн толгоп жатып акыры мыйзам кабыл алды. Кыскача айтканда, Курултай бизге керек экенин түшүнүштү.

Бул институт элдин үнүн бийликке жеткирип, айтылган көйгөйлөрдү анализдегенге жол ачат. Бийлик менен элдин “ийри отуруп түз кеңешүүсүнө” шарт түзөт. Кокус, мамлекетте саясий кризистик абал жаралып, Парламент баягыдай качып кетсе, Курултай чогулуп чечимдерди кабыл алат. Албетте, азыр сунуш берүү гана милдети бар, бирок алдыда салмагы чоңоёру турган иш. Анткени, элдик институт барган сайын кадыры калыңдаары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Былтыркы чогулушу деле бир топ маселени ичине камтып, зоболосу зор экенин тастыктап койду.

Кыргызстандын жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өз өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу экенин айтып коюшубуз кажет. Жарандар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча кыргыздардын тарыхый салты болуп саналган курултайларды өткөрүүгө укуктуу экенин баса белгилеп айта жүрүүгө милдеттүүбүз. Мындан тайманып, ийменбешибиз керек.

Конституция жана мыйзамдарга ылайык жарандар мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укугу бар. Мына ушул укуктардын алкагында Курултайдын кулачын кеңейтишибиз зарыл. Бүгүнкү күнү Курултай институтуна окшош институттар Ливияда – “Улуттук Конгресс”, Кытай Эл республикасында – “Бүткүл кытайлык Эл өкүлдөр Жыйыны” деген аталыштар менен белгилүү. Бирок, алардын тарыхында мындай башкаруу системасы болгон эмес.

Курултай аркылуу улуттар аралык ынтымакты андан ары бекемдебестен, жарандык коомду бириктирүү жана социалдык мобилизациялоого көмөктөшүү менен жаңы глобалдык, региондук көйгөйлөрдү чечүүдө, өз өкүлдөрү аркылуу бардык жергиликтүү жамааттардын катышуусун талап кыла алат. Курултай менен атабабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону уланта алабыз.

Былтыр Курултайда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров: “Биз үчүн бийик тоолуу жерибиздин ар бир ташы кымбат. Анын бир метр жери үчүн жанын курман кылган адам баласынын каны ыйык, өмүрү андан дагы кымбат. Бирок бизди өзүнө өзү ишенбеген, мурункудай эле байкуш мамлекет деп ойлоп, эки жолу күч менен тартып алганга аракет кылышты. Биз толугу менен туруштук берип, күчүбүздү дагы көрсөттүк. Биз оңой өлкө эмеспиз. Биз 80ден ашык улут жашаса дагы 3000 жылдан ашык тарыхы бар элбиз” деп эң туура белгилеген. Биз ата жолунан адашпай, алар салып кеткен чыйыр менен басууга милдеттүүбүз.

 

 

Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ

№98 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 12-декабры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!