"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Коом Маанилүү

Курултайдын экинчи күнү: Жумгалдын тургундары көмүрдү жарым баада алууну суранышууда

Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда Жумгал районунан келген делегат Бермет Нурдинова көмүр райондун аймагында казылып жатканына байланыштуу тургундар аны жарым баасында сатып алууну суранышканын билдирди. Ошондой эле көмүр казуудан улам жайыттар азайып, аба булганып жатканын айтты.

Мындан тышкары, сугат суу тартыштыгын чечүү үчүн суу топтоочу жана жөнгө салуучу бассейндерди куруу, район ичиндеги жолдорду кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн IV Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат. Ага өлкө боюнча шайланган 700 делегаттын 690у катышууда.