"Эркин-Тоо"

Курулуш иштеринен кынтык издегендердин максаты эмнеде?

Жакында айрым жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан курулуш иштерине байланыштуу иликтөө жарыяланып, мамлекет ишке ашырып жаткан 11 долбоордон кынтык издегенге аракет жасалганына күбө болдук. Аталган долбоорлорду ишке ашырууга келишим түзгөн беш компанияны Президенттин уулу Рустам Жапаров менен Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевге байлашып, мамлекет жетекчилигинин жакындары өлкөдөгү курулуш иштерине кийлигишип жаткандыгы тууралуу негизсиз дооматтарды айтышты.

Белгилей кетишибиз керек, бул жерде элдин аң-сезимине таасир этүүчү көнүмүш технология менен сырттан каржыланып-башкарылган булактар тарабынан маалыматтык чабуул жасалды. Албетте, иликтөө бийликти жек көрсөтүү менен бирге өлкөдөгү стабилдүүлүктү бузууга багытталганы айдан ачык көрүндү. Муну ар бирибиз акылга калчап, туура түшүнүшүбүз керек. Анткени, биздеги тынчтыкты каалабаган сырткы күчтөр жалган маалыматтар менен элди буга чейин улам тополоңго түртүп келгенин жакшы билебиз.

Президент Садыр Жапаров айтылган дооматтар боюнча “Кабар” агенттигине маек берип, курулуш компаниялары мамлекет тарабынан каржыланган долбоорлорго кандай шартта катыша алары, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан үйлөрдү курууга даярбыз дегендер чыгып калса, аларга кандай талаптар коюлары боюнча кеңири айтып берди.

“Ири курулуш иштерине ким болсо да келип катышсын, эшик ачык. Ошол эле Баткенде курулган үйлөрдү жеке компаниялар ар бирин 5 млн 800 миң сомго курабыз деп келишкенде, бул сумма кымбат деп баш тартканбыз. “Аманат” компаниясы болсо 91 үйдү 3 млн 300 миң сомдон куруп беришти. Башка 33 компания дагы, айлалары кеткенде, ушул эле суммага макул болушту. Ошентип, Баткенге курулган 400дөн ашык үйдүн ар бири 3 млн 300 миң сомдон бүттү. Мамлекеттин канча деген акчасын үнөмдөп калдык. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга салынып жаткан үйлөрдү “Кыргызкурулуш сервис” куруп жатат. Бул компания – 100 пайыз мамлекеттик компания. Мындан сырткары, “Аманат строй” компаниясы да куруп жаткан курулуштар бар. Жалал-Абадда «Бест Хаус Гранд» (ЖЧК) компаниясы дагы бир чарчы метрин 650 доллардан «под ключ» куруп бергенге макул болушуп, куруп жатышат. Жакында Өзгөндө дагы 5 гектар жерге курулуш иштери башталат. Дагы бир курулуш компаниясынын аты эсимде жок, алар да ушундай эле шартта курууга макул болушуп, келишим түзүү алдында турат.

Башка каалоочу компаниялар келсе, МИКтин эшиги ачык. Ошол эле сындап аткан ЖМКлардын өкүлдөрү же жакындары да келсин. Аларга да курулуш ишин аткарууга объект бергенге даярбыз. Баарына шарт бирдей. Бир чарчы метрин 650 доллардан «под ключ» куруп бергенге даярбыз деген компаниялардын баарына эшик ачык. Бирок бир күрөгү жок компания келсе, албетте, кабыл алынбайт. Мурда курулуш куруп жүргөн, курулуш техникалары бар компаниялар болушу шарт. Алдыда МИК аркылуу бүткүл өлкө боюнча курулуштарды баштайбыз. Келишсин, баарына иш беребиз. Бирок бул суммага эч ким келбейт. Мен чоң-чоң курулуш компанияларынын жетекчилерин кабыл алгам. “Келгиле, курулушка жардам бергиле” десем, “Биз бул суммага батир салбайбыз, бизге пайда түшпөй калат экен. Андан сырткары, объект бүткөнчө, курулуш материалдары кымбаттап кетсе, тескерисинче, банкрот болуп калат экенбиз” дешип, баш тартышкан. Ошондуктан жогоруда аталган компанияларды суранып салдырып жатабыз. Дагы бир жолу кайталайм суранып. Алар 650 доллардан «под ключ» салып, МИКке өткөрүп беришет, ал эми МИК үстүнө өзүнүн кошумча наркын кошуп, элге 20-25 жылга ипотекага берет” — деди Садыр Жапаров.

Чындыгында эле, куруучуларга талаптар катуу коюлууда. Курулуш башталгандан бүткөнгө чейин көзөмөлдө болуп жатат. Бүткөндөн кийин дагы комиссия түзүлүп, тыкыр текшерүүдөн кийин өткөрүп алынарын билдик. Эң негизгиси, панелдик үйлөрдү салууга уруксат берилбей, жалаң темир-бетон каркас болушун талап кылып жатыптыр. Бул албетте, сейсмикалык жактан туруктуу болушу өтө маанилүү экени белгилүү. Башкысы, курулушка катышам деген каалоочу компаниялардын ар бири барып катышса болот. Жогорудагы талаптар менен иштей берсе эч ким жок дебейт, тоскоолдук жок.

Ушул жерден ипотека жаатындагы мактоого татырлык иштин дагы бирин баса белгилеп кетели, жакында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөр мамлекеттик кызматта иштегендерге гана эмес, жеке жактарга дагы бериле баштады. Тактап айтканда, өлкөбүздөгү ар бир жаранга ипотекалык негизде кезексиз батирлүү болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ал үчүн батир алууну каалаган мүмкүнчүлүгү бар жарандар турак жайдын баасынын туура тең жарымын төлөшү керек болгон. Бирок, мындай мүмкүнчүлүк жокторго жаңы механизм иштелип чыкты. Маселен, ала турган батири 60 миң доллар турса, анын 30 миңин төгөт. Эгер жарандын колунда 20 миң эле доллары болуп, тандаган батири 60 миң долларга бааланса, жетпей жаткан 10 миң долларды “Элдик банк” (азыркы РСК банкы) беш жылга чейинки мөөнөткө 10 пайыз жылдык үстөк менен берип турат. Эң башкысы “Элдик банк” берген кредити  үчүн күрөө талап кылбайт. Күрөөсүз берет. Алгачкы беш жылда “Элдик банктан” алган каражаттан кутуласыз. Андан кийин МИКтин калган 50%ын төлөйсүз. Бул мехнизм октябрдын ортолорунан тартып иштей баштайт.

Белгилей кетишибиз керек, Президенттин демилгеси менен Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан «Менин үйүм 2021-2026» программасын иштелип чыгып, ал ийгиликтүү аткарылып жатат. Ага чейин Мамлекеттик ипотекалык компания «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» турак-жай программасын ишке ашырууда бюджеттик тармактарда иштеген жарандарга 14%дан баштап ипотека берип келген эле. Компаниянын каржылык мүмкүнчүлүгү өскөн сайын пайыздык чендерди улам арзандатып отуруп 4-6%га чейин түшүргөнгө шарт жаралды. 2021-жылы «Менин үйүм 2021-2026» турак-жай программасы ишке киргенден кийин бюджеттик тармакта эле эмес, жеке тармактарда расмий иштеген жарандар да 8%дан мамлекеттик ипотека алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Былтыртан тарта турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилип, калктын аярлуу катмарына Социалдык ипотека багыты киргизилди. Ошол жылы кирген өзгөрүүлөргө ылайык калктын аярлуу катмарлары иштеген жерине карабастан, 4%дан ипотека алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ага катар 25 жылдык мөөнөт менен берилүүдө. Бул жерде мурдагы программалардан кескин айырмаланган дагы бир жакшы жери, кардарлардан баштапкы төлөм талап кылынбайт. Керектүү документтерин тапшырары менен кезекке тура беришет. Төлөө убактысы узак мөөнөткө берилгендигине байланыштуу үстөк пайыз бир кыйла төмөн болот.

 

Учурда, республика боюнча 11 495 батир курулуп жатат, анын ичинен ушул жылдын аягына чейин 5 503 кезекте турган үй-бүлөлөргө батирлер берилет. Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү бар, 50 пайызын алдын ала төлөй алган жарандарга, өзүнчө программа менен иш жүргүзүлүүдө. 50 пайызын алдын ала төлөсө, 50 пайызын мамлекет тарабынан 15 жылга ипотекалык негизде төлөп берилет. Бул мурдатан кезекте турган жарандарга тоскоолдук болбойт, алардын кезегин бузбайт.

 

Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ

№32 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 4-июну

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!