Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу курулуштан бир бала кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Октябрь РИИБиси билдирди. Окуя 27-ноябрда болгон. Кулап каза болгон адам Т.Т. аттуу 18 жаштагы жигит болгону аныкталды. Бул иш боюнча тиешелүү текшерүүлөр, адам өлүмүнө алып келген себептер изилденип жатат. Ал эми курулушту белгилүү бир компания куруп жатканы анык болду.