"Эркин-Тоо"

Куткаруучу-кинологу Чыңгыз ЖУМАБЕКОВ: “Түркиядан келгенден кийин өзгөрдүм”

Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата «Эркин -Тоо» гезити “Мекенчил мырза” сыйлыгын уюштуруп, элине кызмат өтөп, эмгегинен баар тапкан, ар тармакта өзүнүн иши менен өзгөчөлөнгөн мырзаларга сыйлык тапшырды. Алардын катарында биринчилерден болуп бир ай мурда Түркияда болгон зилзаланын кесепеттерин жоюу жана адамдарды куткаруу үчүн биздин өлкөдөн барган куткаруучулар тобу турду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун башчысы-командири Ырыспек Жолдошбаев жана ушул эле борбордун куткаруучу-кинологу Чыңгыз Жумабековго сыйлык тапшырып, маекке тарттык.

— Чыңгыз мырза, куткаруучулук ишиңиздеги каармандуулук үчүн алган сыйлыгыңыз кут болсун!

— Рахмат! Түркияга барып келген бардык куткаруучуларга жана куткаруучу иттерге азыр ыраазычылыктар айтылып жатат. Албетте ага кубануудабыз. Бирок, биз өтө кейиштүү абалга туш болгон элге, жерге барып кайттык. Азыр андай кырсыктар болбосун деп эле тиленип калдык. Жада калса иттерибиз да ал жердеги кайгы менен капачылыкты сезип келишти.

— Сиз бүгүн жаныңызга куткаруучу иттердин бирин ала келипсиз. Иттин аты ким?

— Гром, бир жарым жашта. Күчүк кезинен бери өзүм багып келе жатам. Экөөбүз аябай жакынбыз. Түркияда кырсык катталганда эле дароо учуп кеткенбиз. Дагы бир Грей деген итти да алып барганбыз. Ал 8 жашта. Иттерибиз барганда эле ыйлаган элдерди көрүп маанайлары кадимкидей түшүп калды. Биздин айткан буйруктарыбыздын баарын аткарып, жанталашып иштеп жатышты. Булар адамдын жытын билишет. Урандыларга коё берсек, өздөрү эле жыт издешип, чуркап, адамдарды куткарып жатышты. Ар кайсы урандынын алдын жыттап чуркап, жер чукуп жүрүштү. Уктасак укташат. Турсак турушат. Бир тамак жеп, бир суу ичип жаттык. Мен тамак жесем жанымда туруп, тамагымдын жарымын жейт. Суу ичсем суумдун жарымын ичет.

— Громдун мүнөзү кандай?

— Жоош ит. Бирок, адам жакпаса кабанаак болуп кетет. Биз учакка түшкөндө иттер кадимки жүргүнчүлөрдөй эле салондо кетишти. Барганча уктап барып, кайра кайтканда да уктап келди. Баарын сезип, билип турду. Акылдуу иттер. Бардык кырдаалга жараша өзүн алып жүрүүгө үйрөтүлүшкөн. Айткан буйрукту дароо аткарышат.

— Сиздерге жасаган ишиңиздер үчүн дагы бир жолу ыраазычылык айтабыз.

— Кырсык болбосун. Биздин ишибиз куткаруучулук. Ар кандай кырдаалга тушуккан адамдарга жардам берүү. Бирок, мен эч качан бул ишимде ушунчалык чоң масштабдагы зилзалада куткаруучулук кылам деп ойлогон эмесмин. Жеке мен бул окуядан кийин байлык, бийлик, жыйган дүнүйөбүз эч нерсеге татыбасын түшүндүм. Эң негизгиси – жакындарыңдын амандыгы, дүйнөнүн тынчтыгы тура. Кыргызстанга кайтып келген соң ата-эне, бир туугандарга, адамдарга болгон мамилем, жашоо образым өзгөрө түштү.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№17 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 7-марты

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!