"Эркин-Тоо"

Куткаруучулар тирүү адамдарды издөөнү токтотту

Кечээ Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Жогорку Кеңеште Түркиядагы абал боюнча маалымат берди. Ал өткөн аптада зилзала болгон аймакка өзү барып, абалды жеринен көрүп келгендигин жана кырсыктын кесепети өтө оор болгондугун белгиледи. Кыргызстандан барган 182 куткаруучу, анын ичинде 12 фельдшер, алты дарыгер, атайын үйрөтүлгөн иттер менен алты кинолог тынымсыз үч нөөмөт менен алып барылган иш-аракеттердин аркасында уранды алдынан тирүү адамдарды куткарып, ишин натыйжалуу аткарып жаткандыгын билдирди. Кырсыктын оор болгонун жана божомолдор боюнча өлүм саны 120-130 миң адамга жетиши мүмкүн экендигин айткан министр жалпысынан 130 миң имарат кыйрап калгандыгына жана имараттардын кыйроосунда өзгөчөлүктөр бар экендигине да токтолуп, «Кахраманмарашты эле ала турган болсок, тогуз үй өзүнчө кичирайон болуп салынган, анын ичинен эки үй толук урап, шагыл болуп жатат, төрт үй жарака кетип, бирок адамдар аман калган. Ал эми үч үйдөн кылдай да жарака кеткен эмес. Үйлөрдүн дубалдарынын кеңдиги 30 см ашпайт. Эң негизги көйгөй — бетондун сапатынын начардыгынан болгон», — деди. Бообек Ажикеев азыр куткаруучулар кыйраган үйлөрдүн арасынан тирүү адамдарды издөө иштерин токтотконун айтып өттү. “Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу куткаруучуларга тирүү адамдарды издөө иштерин токтотууну тапшырды. Анткени акыркы суткаларда тирүү табылган адамдардын ички органдары иштен чыгып, айрымдарда гангрена башталгандыгы байкалып жатат”, – деди министр. Түркия менен Сириянын чектешкен аймагында зилзаладан жабыркаган жерлердин жалпы аянты Германиянын аянтына барабар болгону, кыйроолор көп болуп, адам өмүрлөрү кыйылгандыгын, 4 миллиондон ашык бала жабыр тартканын эске алганда бул жер силкинүү тарыхтагы эң оор зилзала болуп калгандыгы белгиленүүдө. Бирок, алар бул апаатта жалгыз калган жок. Дүйнө эли карманган динине, улутуна, дипломатиялык мамилерине карабай жапырт кол сунуп, кыйын кырдаалда адамга адам керек экендигин далилдеди.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№12 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-февралы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!