"Эркин-Тоо"

Куткаруучулар ЖЭБдеги жарылуудан кийин урандылардын алдынан итти тирүү алып чыгышкан

Ал урандылардын алдында авария болгондон бери жаткан. Тумшугу, көзүнүн териси, кулактары жана буттары күйүп калган.

“ӨКМдин кызматкерлерине абдан чоң ыраазылык билдиребиз.  Итти тапкандан кийин ойлонуп отурбай, дароо ветклиникага алып келишиптир. Аны калтыргандан кийин урандыларды тазалоо үчүн кайра жөнөп кетишкен. Адамдык боорукерлик үчүн чоң рахматыбызды айтабыз. Ал эми итти дарылап, айыктырып алабыз деп турабыз”, – деп жазышкан  “Добрые руки” фондунан.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!