"Эркин-Тоо"

КУТМАН КУРАК КУТ БОЛСУН! ДӨӨЛӨТБЕК АГАНЫН ДӨӨЛӨТТҮҮ ӨМҮРҮ

Коомчулукка таанымал инсандардын бири, коомдук ишмер Шадыбеков Дөөлөтбек агабыз 75 жашка толот. Учурда агабыз туш тараптан агылып келип жаткан куттуктоолорго маарып турган учуру.

Туулган күн – ар бир адамда аздектелген учур, өмүрдүн башталышы. Ойноок балалык, боз улан кез өтүп, бойго жетип, андан аркы өмүр сапарыбыздын өзөктүү учурлары кетет. Элибизге жасаган ак эмгек менен калыптануу, таанылуу, кадырбаркка жетүү вазийпасы Дөөлөтбек агабыздын негизги бактысы болду.

Кыргыз Республикасынын Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Апрель элдик революциясынын Баатыры Дөөлөтбек Шадыбеков 1948-жылы 2-июлда Талас облусунун Кара-Буура районунун Молдосан айылында туулган. Алгачкы эмгек чыйырын айтылуу Лущихин атындагы ЖоонТөбө совхозунда жумушчулуктан баштаган. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин аяктаган. 1974-жылы Иркутск институтундагы атайын курстан аңчылыкбиолог кесибин алып чыгат. 1992-жылы Кыргыз-Болгар эл аралык менеджерлик жогорку мектептен окуп, менеджер кесибин аяктайт. Ар тараптуу адистиктерге ээ болуп, жарым кылымга жакын уюштуруучулук, жетекчилик кызматтарда, атап айтканда: Жаратылышты коргоо кыргыз коомунун Борбордук Кеңешинин Президиумунда инструктор, жаратылышты коргоону пропагандалоо жана илимий иштерди тескөө методисти, өлкөбүздүн Министрлер Кеңешинде мамлекеттик токой чарба комитетинин жаратылышты коргоо бөлүмүнүн референти, башкы адиси болуп иштеген. Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн директорунун орун басары, Министрлер Кеңешинин Иш башкармалыгында Эс алуу үйүнүн (мамлекеттик резиденциянын) директору, Айыл чарба министрлигинин тышкы экономикалык байланыш башкармалыгынын башчысы, Эл аралык “Ак-Жол-Скаббард” корпорациясынын башкы директору, Президенттин Администрациясынын Иш башкармалыгында референт-кеңешчи, мамлекеттик “Ала-Арча” жаратылыш токой чарбасынын директору болуп үзүрлүү эмгектенген. Соңку жылдары ”РСК Банк” акционерлер коомунда Директорлор Кеңешинин мүчөсү жана “Айыл Банк” акционердик коомунун башкармалыгынын Төрагасынын кеңешчиси деген далай жоопкерчиликтүү кызматтарда иштеп, адал эмгеги, ак кызматы менен коомчулуктун кадырлоосуна ээ болду.

Дөөлөтбек Шадыбеков аксакал иш билгилик, жөн билгилик жөндөмдүүлүгү менен таанылган атуулдарыбыздын бири.

Анын басып өткөн эмгек жолу, кызмат абалы көбүнчө түздөнтүз финансы каражатына байланыштуу болгон экен. Алдымжуттумчулуктан оолак болуп, бардыгында таза иштегендиги, жаманатты болбогондугу, жогорку жетекчиликтер тарабынан ишеним көрсөтүлүп, жоопкерчиликтүү кызматтарга дайындалып келгендиги азыркы муундун далайына өрнөк. 2009-жылдан бери КР Аксакалдар Кеңешинин төрагасы катары коомчулукта пайдалуу келечектин өбөлгөсү болгон бир нече иштерди аткарды.

Калифорния Эл аралык илим, билим, индустрия, Казакстан мамлекетинин Экология университеттеринин, МАТЭМ эл аралык академияларынын академиги, Борбордук Азия элдеринин маданият ассамблеясынын Президентинин башкы кеңешчиси, Кыргыз – Монгол, Индия коомдорунун мүчөсү. Кыргыз – Кытай ишкерлер ассоциациясынын кеңешчиси болуп иштеп, социалдык-экономикалык иштерге да өз салымын кошкон.

Министрлер Кеңешинин Чарба башкармалыгынын Эс алуу үйүнүн директору болуп 10 жылдан ашык иштеген. “Ысык-Көл” мейманканасы, №1, №2 “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциялары, Орто-Сай айылындагы, борбор шаардагы бир катар турак жай жана ишканаларын куруудагы эмгектери элге арналып, азыр дагы ак батага ээ болуп келүүдө. Индия, Болгария, Кытай жана башка көптөгөн өлкөлөргө болгон иш сапарларда делегацияларды жетектеп барып, республикабызга пайдалуу бир нече макулдашууларды түзүүгө жетишкендиги – эл кызыкчылыгындагы эмгектери болду.

Мамлекеттик резиденцияда бир нече жыл үзүрлүү эмгектенип, гидропоника менен аэропониканы мыкты өздөштүрүүгө жетишкен. 300 000ден ашык гвоздика гүлдөрүн, жашылча-жемиш бактарын өстүрүп, 500-600 тоннадан ашык мөмө жемиш жыйналуучу кампалардын берекеси ашып турган. 10 миң тонналык логистикалык кампа, аймактарды автоматтык сугаруу үчүн түзүлгөн жагдайлар, машинелер токтоочу жайлар, устаканалар, бассейндер, колбаса цехи, 40 уй автоматтык жол менен саалчу ишкана, 150 бодо мал багылуучу сарайлар кызуу иштеп келген экен. Тилекке каршы азыр алардын бири дагы иштебейт. “Ала-Арча” жаратылыш паркын негиздеген демилгечи жана аны дүйнөлүк деңгээлге жеткирип, Альпинисттер үйүн, Ак-Сай мамлекеттик резиденциясын, кафелерди куруп, Эл аралык Алтын сыйлыктарга ээ болгон.

Адамдагы улуулук – бул жөнөкөйлүк. Жеке кызыкчылыктын кулу болбой, эл таламын туу туткандык, ниет, пейилдин тазалыгы эмеспи. Азыр кооздоп сүйлөп, амалданып, кубулгандар көп. Дөөлөтбек агабыздын мүнөзүндө жасалмалуулуктун бири дагы жок. Ар дайым кандай болсо ошондой. Сөзгө эмес, ишке таянат. Бул өзү – кадырлоого арзый турган адамгерчилик.

2010-жылдын 6-7-8-апрель күндөрү, ошол кездеги эл кадырына жете албаган бийликти тактыдан кулатууда Дөөлөтбек Шадыбековдун салымы зор болгон. Катуу жарадар болгондугуна карабай акырына чейин тургандыгы элин, жерин сүйгөндүгү эмеспи.

Айланабызды жашылдандыруу жаатында дагы көп иштерди жасаган. Ош шаарындагы АкБуура дарыясынын жээктерин, Ала-Арча паркын, №1 Мамлекетик резиденциясын, Бишкек шаарындагы ден соолукту чыңдоочу мекемелердин айланасын, коомдук жайларды жашылдандырууда зор эмгек өтөдү. Өлкөдөгү ар кандай терс көрүнүштөргө Аксакалдар Кеңеши дайыма билдирүүлөрдү жасап, ар кандай иш-чараларды уюштурууда Дөөлөтбек агабыз өзү баштап иш алып барууда ….

Жетимиш беш жаш курагыңыз кут болсун! Өмүр сапарыңызды жакшылыктын жарыгы коштоп, эмгек кумарыңыз эгерим басаңдабай, Кыргыз Республикасынын Аксакалдар Кеңешинин төрагасы катары ишиңиздин үзүрү элибизге тийсин. Чогуу бололу. Колубуздан келишинче коомубуздун алгалоосуна кол кабыш кылалы.

КР Аксакалдар Кеңеши куттуктайбыз!

Медеткан Шеримкулов, Роза Айтматова, Дарика Жалгасынова, Кайыргүл Сартбаева, А.Аракеев, Мамат Айбалаев, Эркин Бегимкулов, Ильяс Жусубалиев, Иса Саипов, Али Касымов, Темир Кулумбаев, Кимсанбай Маматов, Акжолтой Насиридинов, Мадинхай Исмаил, Кыдырма Орозалиев, Курманбек Раматов, Кубанычбек Сапаков, Акылбек Керимбеков, Съездбек Турдубаев, Махмуд Султанмуратов.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!