"Эркин-Тоо"

КУТМАН КУРАК КУТ БОЛСУН!

Түштүк аймагынын күнөстүү Жалал-Абад шаарында орун алган К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык Менеджмент академиясынын академиги Сатыбалды Ашимович Өмүрзаков бул жылы куттуу 60 жашка чыкты. Сатыбалды агай экономика илиминде, жогорку кесиптик билим берүү жаатында белгилүү илимпоз, жетекчи жана коомдук ишмер. Анда эмесе сөз ал жетектеген окуу жайы жөнүндө болсун.

ОКУУ ЖАЙДЫН ТАРЖЫМАЛЫНАН

Жалал-Абад шаарынын инфраструктуралык түзүмүндө шаарга кошумча көрк берген К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети өз ишмердигин 1993-жылдан бери алгылыктуу жүргүзүп келүүдө. Коомчулукка белгилүү болгондой, университетти алгач Жалал-Абад Коммерциялык институту деп экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык Менеджмент академиясынын академиги Кантөрө Шарипович Токтомаматов негиздеп, Эл аралык университет макамына чейин жеткирген. Университеттин азыркы жетекчилиги, профессорокутуучулар курамы, кызматкерлери жана студенттери Кантөрө агайдын окуу жайга кылган эмгегин, илим-билим жаатындагы ишмердигин улантышып, ал тууралуу окуу жайдын башкы имаратында анын алгачкы уюштуруучусу Кантөрө Шарипович Токтоматовдун эстелиги коюлуп, тарыхый музейи уюштурулган жана ал туурасында маал-маалы менен илимий окуулар уюштурулуп тургандыгы анын далили болуп саналат. Аталган университеттин профессордук-окутуучулар курамы азыр да ошол салтты улантып Жалал-Абад облусунун жана шаарынын жаштарына татыктуу таалим-тарбия берип, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, студенттери Жалал-Абад жаштар шаары деген макамын ийгиликтүү тастыктап, шаардын коомдук-маданий ишчараларына активдүү катышууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Жалал-Абад шаарынын мэриясы университетте үзүрлүү эмгектенген агай-эжекелерине, кызматкерлерине өзүнүн ыйгарымында сыйлыктарын берип, жогорку мекемелердин сыйлыктарына жолдомолорун берип келет.

К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети өзүнүн мыкты бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанышат. Бири Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутат болсо, бири районшаарлардын акимдери жана мэрлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө, бир катар ири мекемеуюмдардын жетекчилери, бири башка тармактарда башкы, жетектөөчү адис болушуп иштешип, өлкөбүздүн өнүгүүсүндө өздөрүнүн салымын кошуп келишүүдө.

Бүгүнкү күндө окуу жайдын алдында 2 институт, аспирантура жана магистратура бөлүмү, 3 колледж, 1 лицей, 1 мектепке чейинки билим берүү борбору иштеп, анда 274 окутуучулар келечек ээлерине билим беришүүдө. Алардын ичинен 44 окутуучунун илимий даражасы бар. 5өөсү илимдин доктору, 39у илимдин кандидаттары, жалпысынан 7200дөн ашуун студенттерге билим берип жатышат.

ОКУУ ЖАЙДЫН МЫКТЫ САЛТТАРЫН УЛАГАН РЕКТОР

Учурда К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректору Сатыбалды Ашимович Өмүрзаков. Ал 1962-жылдын 29-декабрында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү Көк-Арт айылында туулган. 1980-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эсеп-экономикалык факультетине окууга өтүп, аны 1985-жылы бухгалтер-экономист квалификациясы менен ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп кафедрасынын окутуучусу болуп ишке кабыл алынган. 1991–1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын аспирантурасында окуп, 1994-жылы “Базар шарттарына өтүү мезгилинде айыл чарбасында чарба жүргүзүүнүн прогрессивдүү формаларын өркүндөтүү жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу” темасында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 1994-жылдын 20-ноябрында экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы берилген. Ал 1996-жылдан бери К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте адегенде кафедра башчысы, андан кийин эсеп-каржы факультетинин деканы, үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директору, магистратура, аспирантура жана докторантура департаментинин директору, экономика жана экономикалык изилдөөлөр кафедрасынын башчысы кызматтарында иштеген. 2001-жылы доцент окумуштуулук наамы берилип, 2015-жылы Аймактык Менеджмент академиясынын мүчөкорреспонденти болуп шайланган. 2013-жылы “Базар шарттарында айыл чарбасында башкаруу механизмдерин жөнгө салуу жана өркүндөтүү” темасында доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактап, 2014-жылдын 25-сентябрында экономика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасы берилген, ал эми профессор окумуштуулук наамы 2018-жылы берилген. Көп узабай Аймактык Менеджмент академиясынын академиги болду. Сатыбалды Ашимовичти университеттин эмгек жамааты 2019-жылдын 23-январынан К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректору кызматына бир добуштан ишеним көрсөтүп шайлап алышкан.

Аймактык Менеджмент Академиясынын академиги, 10дон ашык илимий монографиялардын жана окуу китептеринин, бир топ илимий макалалардын, 110 илимий эмгектердин автору. Мындан сырткары, Сатыбалды Ашимович Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган, 2015-жылдан бери Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу атуулу”, 2020-жылдан бери Лейлек районунун «Ардактуу атуулу», 2021-жылы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин эмгек сиңирген ишмери медалы менен сыйланып, 2022-жылы Улуу Британиянын Оксфорд Академиялык Биримдигинин “Илимдеги ысым” наамы менен сыйланган.

САТЫБАЛДЫ АГАЙДЫН ЖАРАТКАН ИЙГИЛИКТЕРИ

Экономика илимдеринин доктору, профессор Сатыбалды Ашимович Өмүрзаков университетти жетектегенден бери окуу жайдын буга чейинки ийгиликтерине ийгилик кошуп, окуу жайдын таалим-тарбия, илим-билим жаатындагы мыкты салттарын улантып келүүдө. Бул багытта Сатыбалды агайдын окуу жайды ырааттуу башкаруусундагы (т.а. 2018-жылдын соңу – 2019-жылдын башы мезгилине салыштырмалуу) бир катар ийгиликтерди айтып кетсек, алар:

— окуу жайдын профессорокутуучулар курамында илимдер кандидаты, илимдер доктору, о.э. PhD окумуштуулук даражасы барлардын саны 14,1%га артты – борбордук эмес окуу жай үчүн бул абдан мыкты көрсөткүч;

— окуу жайдын Борбордук китепканасын жана Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун, Гуманитардык-экономикалык колледжинин, Эл аралык медициналык колледжинин китепканаларын жаңы окуу китептери, илимий-усулдук китептер менен жабдылышы улантылып, 34,7%га өскөн, о.э. “Ирбис” электрондук китепканасынын иштөөсү колго алынган;

— окуу жайдын бюджетинин өсүшү 183%ды түздү;

— профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин маянасы эки ирет көбөйтүлүп, 30%га өскөн; — университеттин башкы имаратынын фасаддык бөлүгү заманга ылайык оңдолуп, сары таш менен капталып, жаңы дизайн имараттын көркүн ачты;

— башкы имараттын жана ашкананын чатыры жаңыланган;

— башкы жана кошумча имараттардагы аудиториялар оңдоптүзөөдөн өткөрүлүүсү уланып, эшик-терезелери жаңыртылды, жаңы эмеректер менен жабдылды, окуу аудиториялары жана кабинеттер үчүн жаңы аянттар ишке киргизилди;

— окуу жайдын компьютердик паркы жана ага удаалаш жабдыктар дагы бир ирет жаңы, заманбап компьютерлер менен жабдылды;

— окуу жайдын ички жана жанаша аймактарына көзөмөл жүргүзгөн видео байкоо тутуму сапаттуу жаңыртылып, ири аймак көзөмөлгө алынып, эмгек тартибин, коомдук тартипти көзөмөлдөө, коопсуздукту камсыздоо сапаты арттырылды;

— окуу жайдын ашканасына чет элдик жана ички инвестициялар тартылып, ашкананын жабдыктары толугу менен жаңыртылды, ремонт иштери кылынды, бул багытта адистерди даярдоо үчүн жаңы шарттар түзүлдү;

— университеттин спорт шаарчасында жаңы чатыры бар спорт комплекс курулду, анда жасалма төшөөсү бар мини-футбол, баскетбол үчүн аянт, көрүүчүлөр үчүн трибуналар, кийим алмаштыруучу жана жуунуучу бөлмөлөрү бар.

КЕСИПТЕШТЕР СЫЙМЫКТАНААР

Жалпысынан ийгиликтер көп, көптөгөн иштер аткарылды жана аткарылууда. Албетте, мунун баары окуу жайдын негиздөөчүсү э.и.д., профессор К.Ш.Токтомаматовдун ишин улантуу катары болуп, эмгек жамаатынын бирдиктүү, ынтымактуу аракетинде иш жүзүнө ашууда. Агай менен биргеликте университеттин I проректору, э.и.к., ЭАУ профессору А.К.Кантөрөева, п.и.к., ЭАУ профессору, РМА мүчө-корреспонденти. Т.Т.Омошев, фил.и.к., ЭАУ проф., РМА мүчөкорреспонденти. А.С.Жолдошбаев, Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун директору, т.и.к., ЭАУ проф., РМА акад. Ж.А.Дүйшеев, Эл аралык Кыргыз-Түрк институнун директору Халил Шенгүл, Гуманитардык-экономикалык колледждин директору, э.и.к., доцент К.А.Райымкулов, Эл аралык Медициналык колледжинин директору, доцент Э.К.Абданбаев, Окуукөзөмөл департаментинин директору, доцент Г.С.Сыдыкова, Билим берүү сапатын көзөмөлдөө жана камсыздоо, аккредитация департаментинин директору, э.и.д., проф. А.М.Маткеримова, экономика, эсеп-кысап, жыйынтыктоо жана каржы бөлүмүнүн башчысы, башкы бухгалтер А.М.Баймырзаевалар алгылыктуу иштешип, окуу жайдын өсүп-өнүгүүсүнө өз салымдарын кошууда.

КОШУМЧАЛАЙ КЕТСЕК

Илимий коомчулуктун өкүлдөрүнүн эсине: 2022-жылдын 23-декабрында экономика илимдеринин доктору, профессор С.А.Өмүрзаковдун 60 жылдык мааракесине арналган “Дүйнөлөштүрүү жараянынын өнүгүүсүнүн көйгөйлөрү жана келечеги – коомчулуктагы биримдиктин түзүлүүсүнүн жана өнүгүүсүнүн негизи катары” аттуу эл аралык илимийпрактикалык конференция өткөрүлөт. Бардык каалоочулар үчүн эшик ачык.

№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры
Орункул САТЫКУЛОВ