"Эркин-Тоо"

Кутман ЖОЛДОШЕВ: “Кээде хан көрбөгөн сыйды, кээде кул көрбөгөн кыйынчылыкты көрдүк”

“Музыка бул философия менен кеменгерликтен дагы бийигирээк турган жан дүйнөнүн ажайып ачылуусу” — деп улуу талант Людвиг Ван Бетховендин айтканы бар. Музыка деген мына ушундай керемет дүйнөдө жашаган, атак-даңк деп жулунбаган өнөр ээси бар. Ал Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисти, калың элдин сүйүктүү ырчысы Кутман Жолдошев. 30 жылдан ашуун убакыттан бери элибиздин жан дүйнөсүн музыка менен азыктандырып, көптөгөн жагымдуу ырларды аткарып келе жаткан мыкты талант Кутман Жолдошев менен маек курдук. Анда сөз башынан болсун.

—  Кутман мырза, ырчы болуп калышыңызды кокустук катары кабыл алсак болобу? Анткени, сүрөтчү болом деп кыялданып, сүрөтчүлөрдүн мектебин аяктаган экенсиз?

—  Кокустук деле эмес го, себеби кичинемден чыгармачылыкка жакын болчумун. Актер болгум келчү. Актерлорду, артисттерди абдан жакшы көрчүмүн. Ал кезде Э.Мойдунов, Г.Момушева, З.Шакеевалар аябай популярдуу болуп турган убак эле. Алар айылдарга барып, концерт коюшчу. Афишалары илинээри менен менде уйку жок. Кантип барам, эмне кылып кирем деп, ары жак, бери жактан тыйын топтоп, үйдөгү бүтпөгөн жумуштардын бардыгын бүтүрүп, ата-энемен суранып, айтор концертке кирүүнүн айласын издээр элем. Ал кезде азыркыдай бардар турмуш кайда? Айылда бардыгы эле тамекиде иштеп, кой багып, жыргаткан деле тыйын жок. Бирок, бардыгынын ички дүйнөсү бай болчу. Азыр бардыгы бай, ички дүйнөбүз жарды болуп жатпайбы.

—  Ырчылык талантыңыз бар экенин качан баамдадыңыз?

—   Эжем менинырдаганымды угуп калса керек, 4-класста окуп жүргөндө мектептеги бир иш-чарага алып барды. Мен андаА.Керимбаевдин “Каракөлдүн кыздары” деген ырын ырдадым. Аны менден улуу агам ырдап жүргөндө жаттап алгам. “Бул ырды ырдаганга сага азырынча эрте, өзүңө ылайыктуу ырларды танда” деп агай-эжелерим кеңеш беришип,үнүм бар экенин айтып, жакшы пикирлерин билдиришкен. Музыкалык мектепте окуган балдарга абдан суктанып, алардын комузда, аккордеондо ойногондоруна кызыкчумун. Бирок, ал кезде менде окуганга мүмкүнчүлүк жок эле. Ошентип жүрүп 9-класста бир досуман гитара черткенди үйрөнүп алдым. Мен ырдаганда балдар үйүлүп калышаар эле. Биринчи угармандарым, сынчыларым ошол айылдагы курдаш балдарым болду. Азыркыга чейин ошол кезди эстеп, айтып калышат.  Көрсө, Канымгүл Досмамбетованын “Унутпадым” деген ырын ошондо эле ырдачу экем.

—  Азыр деле гитара чертип бугуңузду чыгарып аласызбы?

— Чертпейм деле, бирок балдарыма үйрөттүм. Азыр көбүнчө аккордеон менен ырдайм. Элдик ырларга көбүрөөк басым жасап калдым. Жалал-Абад техникумунда окугандан кийин менин үнүм элдик ырларга жакын экенин билдим. Болбосо ага чейин өзүмө жаккан ырларды ырдай берчүмүн.

—  Сүрөтчүлүк талантыңыз боюнча айтып берсеңиз?

-Сүрөттү7-класстан баштап тарта баштадым. Акын-жазуучулардын колго тартылган сүрөттөрүн карап, окшоштуктарды байкап, улам тартып жатып кызыгуум күчөп кетти. Сүрөттөн берген мугалимдеримдин жанынан чыкпай, алар мактап койсо ого бетер шыктанып тартчумун. Майрамдарга карата класстар арасында уюштурулган сынактарда биринчиликти берген жокмун.

— Эми деле үйдө чиймелеп каласызбы?

—  Кичинекей уулумду алаксытыш үчүн үйгө альбом, түр карандаш алып койгом. Экөөбүз отуруп алып сүрөт тартабыз. Сүрөт мектебиндеги тартуу техникаларды эстейм. Балдарым жакшы тартат экенсиз деп калышат.

—  Сүрөтчү эмес, ырчы болгонуңузга өкүнбөйсүзбү?

— Убагында өкүнгөм, азыр өкүнбөйм. Мектепте окуп жүргөндө агай-эжелер “ким болосуңар?” деп сураса, бир досум молдо болом десе, мен артист болом деген элем. Ал кезде атеизм күчтүү эмес беле, тигил классташымды эже урушканы эсимде. Көрсө апасы ошондо эле ага араб тамгаларын үйрөтүп жүрүптүр. Ал азыр айылда чоң молдо, мен артист (күлүп). Чыгармачылык мага чоң энемден өтсө керек. Анткени, ал киши аябай уз киши болчу. Кооз кылып таар согуп, курак курачу. Азыркы мода болуп жаткан курактарды чоң энем ошол кезде машинасы жок эле колго курап койчу.

— Азыркы заманда бир гана ырчылык менен жан багуу кыйын эмеспи. Кошумча киреше булагыңыз барбы? Көп эле ырчылар ишкерчиликтин бир булагын таап кетишти го?..

— Азыркы ырчылардан айырмаланып биз бардыгын өзүбүз кылчубуз. Азыр деле ушундай, телеге, радиого, ыр жаздырууга өзүбүз чуркап жүрөбүз. Ошол сыяктуу эле ишкерчиликке да шыгым жок окшойт. Болбосо балдарым айткандай бизнес кылууга менде көп эле мүмкүнчүлүк болду. Мен күнүмдүк оокатым өтүп жатабы, кийимим бүтүн, курсагым токпу ошого каниет кылып жүрө берген адам экенмин. Азыркы жаштардын көз карашы таптакыр башка. Алар арканды узун таштап, ошого жараша бардыгын пландап иш жасаарын билдим. Ошондуктан, азыркы жаш ырчылардын жок эле дегенде бир чачтарачы бар.

Жазгүл КАРБОСОВА

 

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!