Кечээ билим берүүнүн флагманына айланган Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультети кыргыз телеберүүсүнүн күнүн утурлай “ЖМК жаңы өзгөрүүлөр шартында” аталышындагы эл аралык медиафорум өткөрдү. Эл аралык медиафорум – ЖМКнын, мамлекеттик органдардын жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрүнүн талкуулоо аянтчасына айланганын, иш-чаранын катышуучулары бир ооздон белгилешти. Аталган форумда эл аралык журналистиканын актуалдуу маселелери, медиа чөйрөсүн өнүктүрүүнүн тенденциялары жана көйгөйлөрү, жаңы өзгөрүүлөр жана ата мекендик ЖМКнын учурдагы абалы талкууга алынды. Биз бул жагынан уюштуруучулардын жымың-жымың эткен жылыш иштерин коомчулукка кабардар кылдык. Куттуу уядан учуп чыккандар үчүн мындай жаңылыкты төш кага мактанып жазып койгонго неге болбосун?

