Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына арналган «Улуттук университет — улуттун тиреги» аттуу эл аралык форум башталды.
Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар жана чет өлкөлүк университеттердин өкүлдөрү катышууда.
Ректор Догдурбек Чоңтоевдин айтымында, 100 жыл ичинде КУУ 192 миңден ашык адисти даярдап, бүгүнкү күндө 45 миңден ашуун студент билим алууда.
Кыргыз улуттук университети 1925-жылы 25-октябрда Кыргыз агартуу институту катарында негизделген. 1993-жылы – Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, 2002-жылдан тарта — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети болуп өзгөргөн.

