"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Куурчак театрына жаңы жетекчи дайындалды

Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору болуп Ставриди Руслан Болотович дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ставриди Руслан 1963-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Театр чөйрөсүндө эмгек жолун 1984-жылы куурчак театрында актёр болуп эмгектенүү менен баштаган.

Ал 2009–2023-жылдары аталган театрда техникалык тейлөөчү кызматын аркалап, 2023-жылдан тартып директордун орун басары болуп иштеп келген.