Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттик кыргызстандыктарды кыймылсыз мүлк сатып алууда курулуштун мыйзамдуулугун текшерүүгө чакырат. Мекеме жарандар объекттин мыйзамдуулугуна көңүл бурбастан бир нече жолу батир сатып алганын белгилейт. Белгиленгендей, имараттарда тиешелүү документтердин жоктугу көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар кылат. Алдамчылыкка жол бербөө максатында агенттиктин алдында атайын бөлүм түзүлдү. Ал Манас проспектиси 28, дарегинде жайгашкан.