«Кыйноолорго каршы коалиция” уюму Кыргызстанда кыйноого кабылган жарандарга бекер юридикалык жардам көрсөтүү өнөктүгүн 1-июндан 26-июнга чейин өткөрөт.
26-июнь — Кыйноого кабылгандарды колдоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган өнөктүк алкагында Бишкек шаарындагы “Азия молл” соода борборунда иш күндөрү саат 15:00дөн 18:00гө чейин каалоочуларга акысыз юридикалык жардам берилет.