"Эркин-Тоо"

КЫЙНООЛОР КЫЙЛА АЗАЙГАН

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык адам укуктары жана эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет. Эч ким кыйноолорго, башка адамкерчиликсиз, ырайымсыз же кадырбаркты басмырлаган мамилеге же жазалоого туш болушу мүмкүн мес. Ушуга байланыштуу прокуратура органдарынын ишиндеги негизги артыкчылыктардын бири болуп кылмыштын аталган түрү менен күрөшүү саналат.

Облустун прокуратура органдары тарабынан кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинин 4-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2018-жылдын 26-декабрындагы “Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген тергөө жана атайын тергөө амалдарын жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун жана кыйноолорду, мамиле жасоонун жана жазалоонун адамгерчиликсиз, катаал же адам аброюн түшүрүүчү башка түрлөрүн колдонууга тыюу салуунун Конституциялык кепилдиктерин камсыз кылууга прокурордук көзөмөлдү уюштуруу” жөнүндөгү 93-п сандуу буйругун аткаруу максатында белгилүү иш аракеттер жүргүзүлүп келет.

Тактап айтканда, 2022-жыл ичинде областтын прокуратура органдары тарабынан жалпысынан 328 күтүүсүз текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын ичинен 108 ИИБдердин УКИда, 33 ЖАМКнын аймактык түзүмдөрүндө жана башка мекемелерде (ИИБдердин нөөмөт бөлүмдөрү менен кызматтык бөлүмдөрдө жана социалдык, медициналык мекемелерде) 187 текшерүүлөр жүргүзүлүп, алардын жүрүшүндө кыйноо фактылары аныкталган эмес.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын жана Кыргыз Республикасынын кыйноолорго каршы Улуттук борборунун Талас облусу боюнча өкүлдөрү менен биргеликте адамдардын эркиндигин чектөө жайларында системалык түрдө текшерүүлөр жүргүзүлүп келет.

Көрсөтүлгөн мезгилде облустук прокуратура органдарына кыйноолордон жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадырбаркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн колдонуу фактылары боюнча 5 арыз келип түшкөн, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен “Укук бузуулардын бирдик реестрине” катталып, тергөө органдарына тапшырылган. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы менен аталган багытта арыз, даттануулар өткөн жылдарга салыштырмалуу кыйла азайгандыгы байкалган.

Аталган жагдай областтык прокуратура органдары тарабынан системалык түрдө тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүп, кыйноолорду жана башка кадыр-баркты басмырлоочу мамилелерди алдын алуу максатында жүргүзүлгөн профилактикалык чаралардын натыйжасында келип чыгууда.

Областтык прокуратура органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйруктарына ылайык мындан ары дагы аталган багытта прокурордук көзөмөл күчөтүлмөкчү.

Талас облустук прокуратурасынын
бөлүмүнүн прокурору Закир Люшанло

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!