Франциянын борбору Парижде 9-12-декабрь күндөрү кыргызстандык эки сүрөтчү Айып Алакунов жана Кыял Аккүчүкованын “ Салттулук менен заманбаптуулуктун аралыгында” аттуу жеке сүрөт көрзөмөсү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер Нияз билдирди. Көргөзмөнү уюштуруу иштерине “Айтыш”коомдук фонду жана Кыргызстандын Франциядагы элчилиги көмөктөшкөн. Сүрөт көргөзмө Париждеги «55 bellechasse» арт-галереясында өтөт.