Президенттик Администрациянын маалыматтык кызматы билдиргендей, Кылычев Акылбек Мукаевич Кыргызстандын Ирандагы элчиси жана Тегеран шаарындагы Экономикалык кызматташтык уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

