"Эркин-Тоо"
Үч өлкөнүн долбоору Эркин Тоо гезити

КЫЛЫМ ЖОЛУНУН КУРУЛУШУ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ

Кыргызстанды туңгуюктан чыгарып, Чыгыш Азиядан тартып Европа өлкөлөрүнө чейин
кулачын жайган транзиттик өлкөгө айлантуучу ири долбоор – «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу ишке киргенин билебиз. Эгемендик алгандан бери аталган ири долбоор айрым саясий иш-чараларда, шайлоо өнөктүктөрүндө айтыла калып, бирок аны ишке ашырууга эч бир жетекчи батынбай, ачыгын айтканда чечүүгө эрки жетпей, мажирөөлүк кылып келгени маалым. Ошол маселени Президент Садыр Жапаров “камырдан кыл сууругандай” чечип, тараптарды көндүрүп, келишимди түзгөнгө жетишти. Учурда иш кызуу жүрүүдө.

Ушул жуманын башында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорунун ишке ашырылышы тууралуу тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, ошондой эле мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйында Кыргызстандын аймагындагы жалпы узундугу 304 чакырымды түзгөн «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун бардык аралыктарында толук курулуш иштери башталганын билдирди.

“Бүгүн 30-июнда Кыргыз Республикасы үчүн жакшы жаңылык. Анткени, бул үч мамлекетти бириктирген «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун бардык чакырымдарында толук курулуш иштери башталып отурат. Үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде бул эл аралык темир жолдун негизги объекттеринин курулушун баштоо аземи болгон болчу. Бул долбоор инфраструктуралык гана мааниге ээ эмес, жашоонун жаңы сапатына, экономикалык өсүшкө, аймактар менен элдердин байланышын бекемдөөгө багытталган жол. Ошол себептүү, курулуш иштеринин жүрүшүндө маселелер жаралбашы үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жеринде ыкчам чечимдерди кабыл алып, Президенттин Администрациясына киргизип турууну тапшырам” деди Бакыт Төрөбаев.

Отурумда курулуш иштеринин жүрүшүндө жаралып жаткан ондон ашуун маселелер каралып, аларды ыкчам чечүү тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалар коюлду. Иштин жүрүшүндө жаралган көйгөлөр дароо чечилип, тоскоолдуктар жоюлуп турушу керек, мунун баары айтылды. Темир жолдун курулушуна дүйнөлүк масштабдагы коомчулуктун назары бурулуп турганын эстен чыгарбай, тийиштүү кызматтар тыкыр иш алып барышы кажет.

Ага улай, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов баштаган делегация Кыргызстанга келип, Жалал-Абад облусунда «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушунун жүрүшү менен жеринде таанышты. Сапардын алкагында делегация долбоордогу эң маанилүү жана татаал инженердик курулуштардын катарына кирген – узундугу 12 чакырымдан ашкан Фергана жана Кош-Дөбө тоннелдерине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле өзбек делегациясынын өкүлдөрү учурдагы Макмал станциясынын ордуна курула турган жаңы темир жол станциясын жана Жалал-Абад темир жол станциясын түзүү боюнча пландар менен да таанышышты.

Иш сапардын соңунда министр Илхом Махкамов, Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Аскат Тургунбаев, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Нурлан Арапбаев, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» компаниясынын башкы директору Чжоу Синь, EPC подрядчы уюмунун жетекчиси Чжан Эй Тао жана башка адистер биргелешип жумушчу кеңешме өткөрүштү. Жолугушууда тараптар курулуш иштерине байланыштуу учурдагы маселелерди талкуулап, мындан аркы аракеттерди координациялоо боюнча пикир алмашышты.

Эми ачыгын айтканда, бул темир жол “Кумтөрдөй” эле киреше берчү чоң долбоор. Иш өз нугунда жүрүп, мерчемделген план боюнча кетсе, төрт-беш жылдын ичинде ишке кирет. Толук кандуу иштей баштаган мүнөттөн тарта жемиши төгүлүп, жыл сайын капчыгыбызга 200-300 миллион доллар түшүп баштайт. Арийне, бизге темир жолдун түз кирешесинен сырткары кыйыр пайдасы арбын болот. Маселен, мына азыр курулуш башталды, жер өтмөктөрү курулуп жатканын социалдык түйүндөрдөгү тасма, сүрөттөрдөн көрүп жатабыз. Бул иштер 20 миңдей адамды жумуш менен камсыздайт. Ал эми пайдаланууга берилгенден кийин эки жарым миң адам туруктуу жумуш менен камсыз болот. Андан кийинки пайдасы темир жол аркылуу импорттолгон жүктөр бир топ арзан келе баштайт. Башкасы болбосо да, кийим-кеченин баасы арзандайт. Ага катар соода, кафе-ресторан, мейманкана ж.б.у.с. тейлөөчү жайлар пайда болот. Туризмдин өсүшүнө кадимкидей салымын кошот. Демек, жолго сарпталган 5 миллиард доллар көз ачып жумганчалык убакытта эле өзүн толук актайт. Эң башкысы, Кыргызстан транспорттук, логистикалык туюктан чыгат. Европа менен Түштүк-Чыгыш Азиянын негизги транспорттук системаларын эң кыска аралыкта байланыштырган тутумга айланат.

Мамлекет Башчысы Садыр Жапаров былтыр декабрь айында бул жолдун курулушу жаңы доорду баштай турган тарыхый окуя экенин билдирип, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин рынокторуна жол ачарын белгилеген.

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, бул – Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болуп саналат. Аталган темир жолдун курулушу менен Чыгыш жана Батыш элдеринин ортосунда карым-катнаш түзүлүп, кадимки Улуу Жибек Жолунун тарыхый деми калыбына келет. Ал эми Кыргызстан үчүн бул долбоор көп кырдуу мааниге ээ. Биринчиден, аталган темир жолдун курулушу өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүн ыкчамдатат. Долбоорду ишке ашыруу менен Евразия континентиндеги транзиттик түйүн катары биздин ролубуз бекемделет, жүк ташуулардын көлөмү олуттуу өсөт. Экинчиден, аталган долбоор өлкөбүздүн аймактарынын өнүгүшүн камсыздайт. Жаңы инфратүзүм аркылуу соода, туризм жана өнөр жай тармактарынын өнүгүшү ыкчамдап, жетүүгө кыйын райондорго транспорттун жеткиликтүүлүгү жакшырат. Мындан тышкары темир жолду куруунун жана эксплуатациялоонун бардык этаптарында миңдеген жумуш орундары түзүлүп, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына оң таасирин тийгизет. Балыкчыдан Макмалга чейин темир жол курулуп келип, ушул жолго кошулат. Түндүгүбүз менен түштүгүбүз темир жол аркылуу дагы байланышта болот. Ошондой эле бул жаңы каттам аркылуу Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, Кытай жана Европа сыяктуу дүйнөлүк ири рынокторго жол ачылат” деген Президент.

Чынында эле бул темир жол – өлкөбүздүн келечегин аныктай турган, эгемендигибизди бекемдей турган, кылымдар бою жемишин бере турган эбейгесиз чоң долбоор. Кылым курулушу аяктап, долбоор ишке кирген күнү Садыр Жапаровдун ысымы тарыхта алтын тамгалар менен жазылууга тийиш.

Зулпукаар Сапанов