"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кында ашуусу жаз айына чейин жабылды

Транспорт министрлиги маалымдагандай, Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун 65–73-чакырымындагы Кында ашуусу жазга чейин убактылуу жабылды. Ашуу 2025-жылдын 6-ноябрынан 2026-жылдын 1-апрелине чейин жабык болот.

Мындан тышкары, жакынкы күндөрү Калмак-Ашуу ашуусун да жабуу пландалууда.

Буга чейин Жалал-Абад облусундагы Кара-Буура жана Сары-Кыр ашуулары да жазга чейин жабылган.

Райондук акимдердин буйругуна ылайык, жол тейлөө ишканалары тиешелүү жерлерге каттамдардын жабылганын көрсөткөн жол белгилерин орнотушкан.