Кыргыз-Өзбек ишкерлер кеңешинин үчүнчү жыйыны өттү. Кыргыз делегациясын КР СӨПтүн президенти Темир Сариев жетектеди.
КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) басма сөз кызматы билдиргендей, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунан инвестиция тартуунун алкагында биргелешкен ишкерликти өнүктүрүү маселелери талкууланып, фонддун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев уюмдун ишмердүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча баяндама жасады.
Мындан тышкары, тез бузулуучу азыктар үчүн жашыл коридор ачуу, жалпы лаборатория, санитардык көзөмөл, кошумча постторду ачуу жана темир жол транспортун көбөйтүү маселеси талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын «Алайку Органикс» жана Өзбекстан Республикасынын «Milk House» компаниясынын ортосунда тамак-аш азыктарын өз ара өндүрүү боюнча макулдашууга жетишилди.