"Эркин-Тоо"

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ БОЮНЧА КЕЛИШИМ РАТИФИКАЦИЯЛАНДЫ

17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынына өлкө башчы Садыр Жапаров келди. Президент катышкан жыйындын алгачкы мүнөттөрүндө Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрү ант беришсе, андан соң өлкөбүздүн тагдыры үчүн тарыхый ирмемдердин бири болгон кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишим жактырылды. Биз Кемпир-Абад темасына арналган Жогорку Кеңештин жыйынындагы айрым урунттуу жагдайлардын ток этерин бергенге аракет кылдык:

“БИЗ ТУУРА БАГЫТТЫ ТАНДАДЫК”

Президент Садыр Жапаров өлкөбүздүн тагдыры чечилип жатканда баардыгыбыз, айрыкча, эл өкүлдөрүн чек ара маселесинде жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды. Өлкө башчыбыз бул жагынан төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

“Чек араны бүгүн чечпесек, кийин мындай ийгиликтүү келишимге жетиш биз үчүн өтө оорго турат. Мындай ийгиликтүү жеңишке жете албай да калышыбыз мүмкүн. Күндөн-күнгө, жылдан-жылга кошуна элдердин саны өсүп жатат. Жерлер тарып жатат, кийин чечебиз деп калтырып койсок, ошол мезгилде 19 миң гектар жер эмес, бир сотых жер үчүн кан төгүлөт. Буга чейин деле канчалаган жөнөкөй жарандарыбыз, аскерлерибиз чек ара чырынан курман болушту. Мына далилдүү документтер колуңуздарда турат. Кимдер каршы кыйкырбасын, маселени терең изилдеп чыгып, мамлекетке пайдалуу келишим болуп жаткандан кийин жоопкерчиликтүү мамиле жасасаңыздар жакшы болот эле. Сиздерди эл мамлекеттин тагдырын чечет деп ишенип шайлаган. Биз туура жол менен кетип баратабыз. Бул жагынан эч коркпосоңуздар да болот. Жер берип жаткан жокпуз. Тескерисинче, мурдагылар берип жиберген жерлерди мамлекетке алып жатабыз”.

“ӨЗБЕКСТАНГА 4 485 ГЕКТАР ЖЕРДИ БЕРИП, 19 966 ГЕКТАР ЖЕР АЛДЫК”

Эл өкүлдөрүнүн алдына баяндама жасаган Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо кандай иштер аткарылгандыгын кеңири жана жалпак тил менен түшүндүрүп берди. Биз атайын кызматтын башчысынын кеңири пикиринин ток этер, айрым урунттуу жагдайларын төмөндө алдыңарга тартуу эттик:

“Коңшу Өзбекстандан жалпыжонунан 15 миң 500 гектар жер Кыргызстанга өттү. Суунун көлөмү 908ден 900 горизонталга түшкөндө 1246 гектар жер бошоду. Жалпы 15 миң 500 гектар жер биздин кыргыз тарапка өттү. Бул жер аянтына 1965-жылы берилген 4127 гектар жерди кошкондо жалпысынан 19 миң 699 гектар жер аянты алынды. Анын ордуна суунун астындагы 4485 гектар жер берилди. Биз жалпысынан 19700 гектар жер алдык. Суунун алдындагы 4485 гектар жерди бердик. Дээрлик 5 эсе көп жер алдык. Муну менен картада 5500 гектар жерибиз көбөйөт”.

ӨЗБЕКСТАНГА КЕТКЕН ГАВАСАЙ КЫРГЫЗСТАНГА КАЛДЫ

Камчыбек Ташиевдин баяндамасынан соң эл өкүлдөрү менен адаттагыдай суроо-жооп уланды. Сөз арасында Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад темасынын айланасындагы күбүр-шыбыр, ушакайың кептерге эмес, официалдуу маалыматтарга гана ишенүүгө чакырды. Эл өкүлдөрүнүн “Гавасай тилкеси Өзбекстанга кеттиби?” – деген соболуна Камчыбек Ташиев “Гавасай 1956-жылы Өзбекстанга кеткен. Азыр бизде” – деген жообун узатты. Буга удаа депутат Азиз Турсунбаев “Гавасай үчүн Ала-Бука өрөөнүнүн жергиликтүү жашоочулары президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин аракеттерине абдан ыраазы болуп жатат” – деп билдирди.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИНЕ ЧЕКИТ КОЮЛДУ

Көптөгөн талаш-тартыш, кызуу талкуулардан соң кыргызөзбек чек арасы ратификацияланды. Тагыраагы, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча келишимдин долбоору 3 окууда кабыл алынды. Анда кыргызөзбек чек арасындагы айрым тилкелерди чечүү боюнча мыйзам долбооруна: “Макул” 64, “Каршы”

19 Суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим долбооруна: “Макул” 65, “Каршы”

18 Документ 69 “макул”, 14 “каршы” добуш менен колдоо тапса, баары – 83 добуш менен жактырылды.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен төмөнкү жерлер Кыргызстанга калтырылды: Гавасай 12 миң 849 га, Көк-Серек 105 га, Баястан 212 га, Унгар-Тоо 35 га, Кара-Белес 25 га, Ак-Таш 100 га, Шарихан-Сай каналынын бир бөлүгү 19,5 га.

Ошентип, көптөгөн талаштартыштар менен кыргыз-өзбек чек арасына акыры чекит коюлду. Маселеге макулдук берген эл өкүлдөрүнө кандай баа берсек да, баардыгына карт тарых убактысы келгенде өзүнүн баасын берери талашсыз.

№102 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 18-ноябры
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!