"Эркин-Тоо"
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Эркин Тоо гезити

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН БАРААНДУУ КАДАМЫ

“Миң уккандан бир көргөн артык” демекчи, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Өзбекстанга болгон жумушчу сапарын жеринде чагылдыруу бизге да буйруду. Мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, көптөгөн маалыматтарды, пайдалуу тажрыйбаларды алууга аракеттендик. Анда кеп башынан болсун…

145 МИҢ ҮЙДҮ КАМСЫЗДАГАН ЭЛЕКТР СТАНЦИЯ

10-июнда Өзбекстанга болгон жумушчу сапарын КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ташкент облусундагы Riverside PV күн электр станциясынан баштады. Мындан улам биз дагы аталган күн электр станциясы тууралуу кызыктуу маалыматтарга ээ болдук. Бул күн электр станциясы Сауд Арабиянын ACWA Power компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан кайра жаралуучу энергиянын ири долбоору жана Борбор Азиядагы эң чоң күн электр станцияларынын бири экени айкын болду. Riverside PV компаниясынын башкы директору Алимардон Бакиров: “Жалпы инвестициянын көлөмү 550 млн доллар. Станциянын курулушуна 800дөн ашык жумушчу тартылып, алардын 95%ын жергиликтүүлөр түздү. Бул станциянын өзгөчөлүгү экологияга зыяны жок. Биздин станция эки багытта иш алып барат. Биринчиси электр энергиясын өндүрүү, ал эми экинчиси электр энергиясын сактоо системасы. Өндүрүүнүн кубаттуулугу 200 МВт, ал эми энергияны сактоо системасы 500 МВт саатты түзөт. Долбоор Өзбекстандын Улуттук электр тармагы менен биргеликте 25 жылдык мөөнөткө Build, Own, Operate, Transfer модели боюнча ишке ашырылууда. Станцияда тракердик система бар болгондуктан, ал күн тийген убакта гана эмес, күн кайсы жакка жылса ошол тарапка жылып электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Кышкысын албетте, жай мезгилине салыштырмалуу азыраак энергия өндүрүлөт. Ошондуктан, электр энергиясын сактоо системабыз бар. Ал керек эмес учурда энергияны топтоп турат. Керек учурда бере алат. Учурда 145 миң үй-бүлөнү (үйдү) электр энергиясы менен камсыздайт. Борбор Азиянын өлкөлөрүнөн Кыргызстан дагы күнөстүү өлкө, андыктан, жылына 330 күн аба ырайы ачык болот. Мындан улам Кыргызстан дагы жашыл экономикага өтсө каржылык жактан да, экологиядан да пайда таба алат” деп билдирди. Алсак, бул долбоор күн батареяларын орнотууну гана эмес, 22 километрден ашык каналдарды жана суу сактагычтарды куруу; 1100 метрден ашык кирпич тосмо жана 7000 метрден ашык еврозабор куруу; жалпы аянты 22 100 м² болгон жолдорду асфальттоо; подстанцияларды башкаруу, башкаруу имараттарын куруу, жашылдандыруу жана дарбазаларды орнотуу деген ж.б.у.с. станциянын аймагын камтыган олуттуу инфраструктуралык иштерди да камтыйт экен. Мындай маалыматтардан кийин бизде да ушундай күн электр станциялары эртерээк курулса деген жакшы тилек менен сапарыбызды уладык.

6000 ЧАРЧЫ МЕТР АЯНТТАГЫ КӨРГӨЗМӨ

Андан соң КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ташкент шаарындагы Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна келип, Өзбекстандын өнөр жай жана инвестициялык потенциалынын биринчи улуттук көргөзмөсүн Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотоновдор менен чогу кыдырып, таанышып чыкты. 6000 чарчы метр аянттагы көргөзмөгө улуттук экономиканын 10дон ашык негизги тармактарынан, анын ичинде мунай химиясы, машина куруу, электротехника, курулуш материалдары, металлургия, фармацевтика, тамак-аш өнөр жайы жана башка 90го жакын компания катышты. Көргөзмөнүн өзгөчөлүгү улуттук жана чет элдик компаниялардын жетишкендиктерин, стратегиялык долбоорлорун, инновацияларын жана келечектеги потенциалын жар салган интерактивдүү демонстрациялар аркылуу алардын инвестициялык потенциалын көрсөттү. Мындай кадам алдыңкы жеке ишканалар, жергиликтүү компаниялар үчүн да эл аралык инвесторлорго өздөрүн тааныштыруу жана жаңы өнөктөштөрдү табууга аянтча болуп берээри анык экенине ынандым.

100гө ЖАКЫН ӨЛКӨ, 8 МИҢДЕН АШЫК ДЕЛЕГАТ

Көргөзмөдөн кийин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы Борбор Азиядагы эң ири IV Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышты. Форумду Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев ачып, сөзүнүн башында эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди жана ал жетектеген делегацияны атап, өзгөчө жылуу кабыл алгандыгына сыймыктандык. Негизинен форумга 100гө жакын өлкөдөн 8 миңден ашуун делегат, анын ичинде мамлекет башчылары, өкмөт жетекчилери, эл аралык каржы институттарынын жана ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Форумдагы өз сөзүндө Адылбек Касымалиев азыркы бурулуш мезгилде Борбор Азия чөлкөмү тагдыр чечүүчү окуяларга күбө болуп жатканын, ага мисал катары 2025-жылдын 31-мартындагы Худжанд шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери үч мамлекеттин мамлекеттик чек араларынын кесилиши жөнүндө келишимге кол коюшканын айтты. Ошондой эле “Бул жерде мен биздин өлкөлөрдүн жетекчилеринин акылман жана алысты көрө билген мамилесин өзгөчө баса белгилегим келет, ансыз бул жетишкендикке жетишүү мүмкүн эмес эле” деди. Мындан тышкары Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун белгилеп, бул транспорт коридору Кытайды Европа жана Жакынкы Чыгыш, Перс булуңунун өлкөлөрү менен заманбап шарттарда байланыштырган Улуу Жибек Жолун кайра жаратуу үчүн эбегейсиз зор потенциалга ээ экенин белгиледи. Андан соң форумдун катышуучуларынын көңүлүн күн тартибиндеги климаттык маселелерге буруп, климаттык коркунучтардын, суунун жетишсиздигинин күчөшүнүн шартында, Кыргызстан региондук маанидеги узак мөөнөттүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аянтчаны сунуштаарын билдирди. Өнөр жай тармагына, санариптик трансформацияга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, IT-компаниялар үчүн жеңилдетилген режим кирип, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы Жогорку технологиялар паркында 477 резидент бар экенин кошумчалады. “Жаңы инвестициялык саясаттын алкагында өлкө жетекчилигинин саясий эрки инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнү түзүүгө, анын ичинде менчикти коргоого багытталган сапаттык жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алды. Кыргызстан терең аймактык интеграция идеясына, Борбордук Азия аймагын Евразия континентиндеги гүлдөп-өсүү аймагына, ири экономикалык долбоорлор жана демилгелер ишке ашкан жерге, олуттуу тышкы жана ички инвестициялар тартылган жерге айландыруу идеясын колдойт” деп сөзүн жыйынтыктады. Форумдун жүрүшүн дүйнөнүн бир топ өлкөсүнөн келген массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чагылдырды.

МААНИЛҮҮ ЖОЛУГУШУУЛАР

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда өзбек элин 2026-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыгышы менен куттуктап, Өзбекстан курама командасына ийгилик каалады. Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев МинКаб башчысы Адылбек Касымалиевге Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышууга келгенине ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго ысык саламын жолдоду.

Ушул эле күнү Төрага Адылбек Касымалиев Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен да жолукту. Анда тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө өз ара ниеттерин билдирип, эки өлкө ортосундагы экономикалык, транспорттук, суу-энергетикалык, маданий гуманитардык багыттагы кызматташуу боюнча маектешишти. Соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов 2017-жылдын 5-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Региондор аралык кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протоколуна; Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун 2024-жылдын 18-19-июлунда болуп өткөн Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен практикалык иш-аракеттердин Жол картасына кол коюшту. Ошентип, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапарынын жыйынтыгында Өзбекстан тараптын чакыруусу менен кадырлуу конок катары “Өзбекстан–Катар” футболдук оюнуна күбө болуп, андан соң Бишкекке кайтты.

Жазгүл КАРБОСОВА,

Бишкек–Ташкент–Бишкек