"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кыргыз-Афган бизнес форуму

Афганистандын борбору Кабул шаарында кыргыз-афган бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бизнес форум Кыргызстандын «Кыргыз Экспорт» борбору жана Афганистандын Соода-инвестициялык палатасы тарабынан уюштурулду. Форумдун жүрүшүндө Афганистандын бизнес коомчулугуна Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында товарларды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү боюнча жалпы суммасы 157 млн долларды түзгөн 11 келишимге кол коюлду. Бул келишимдер телекоммуникациялык жабдуулар, цемент, бут кийим, дары-дармектер, бал, логистикалык кызматтар жана айыл чарба продукциясы сыяктуу багыттарды камтыйт. Бизнес-форумга эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес чөйрөлөрүнүн 100дөн ашуун өкүлү катышты.