Урматтуу Мекен коргоочулары, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери! Сиздерди жана үй-бүлөңүздөрдү кыргыз армиясынын түзүлгөн күнү менен чын дилимден куттуктайм!
КР Куралдуу Күчтөрү күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыктагы, аскердик тартиптеги, ошондой эле эл аралык аскердик-техникалык кызматташуудагы, аскерлерди ар тараптуу камсыздоодогу жаңы жетишкендиктер менен өздөрүнүн түзүлгөн күнүн тосуп алып жатышат десем болот.
Азыр Борбордук Азия чөлкөмүндө аскердик-саясий кырдаал курч, аны баарыбыз көрүп билип турабыз. Алсак акыркы эки жыл ичинде аскерлерибиз Мамлекеттик чек арадагы куралдуу кагылышууда эл-жерибиздин бүтүндүгүн, кол тийбестигин ар намыстуулук менен коргошуп, өзүнүн кесипкөйлүгүн жана туруктуулугун көрсөтө алышты. Буга коомчулук күбө. Эл аралык уюмдар кыргыз армиясынын туруктуулугуна, провокацияга алдырбастан, мыйзам чегинде гана аскер күчтөрүн колдонгонун баса белгилешти. Бул деген эл аралык уюмдар менен кызматташуунун жана ар түрдүү эл аралык аскердик машыгуулардын алкактарында замандын чакырыктарына жана коркунучтарына жооп кайтаруу, аскердик-техникалык кызматташууну бекемдөө, кыргыз армиясын жаңы курал-жарактар менен жабдуу иштерин улантуу. Бул алакалар сапаттуу деңгээлге чыкты дегенди билдирет.
Аскер кызматчыларын жана Куралдуу Күчтөрдүн жарандык кызматчыларын социалдык жактан коргоо багытында алгылыктуу иштер аткарылды. Атап айтсак, айлык маяна кѳтѳрүлдү, турак-жай менен камсыздоо максатында аскердик ипотека боюнча ченемдик укуктук документтер толук иштелип чыгууда. Мындан ары да коргоо ведомствосунун жетекчилиги дал ушул талуу багыттарга өзгөчө көңүл буруп, аны ишке ашырганча бардык күч аракетин жумшааарына мен ишенем.
Жалпы офицердик корпусту, прапорщиктерди жана сержанттарды, жоокерлерди, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерин, кызматкерлерин 29-май – кыргыз армиясынын түзүлгөн күнү менен куттуктап, баарыңыздарга бекем ден соолук, бакыт-таалай, тынчтык, бакубат турмуш жана кесиптик ийгиликтерди каалайм!
Жергебизде тынччылык өкүм сүрсүн, Ыйык Мекенибиз деп өз жаныӊыздарды аябай өтөп жаткан күжүрмөн эмгегиңиздер сый-урматка арзысын!
Силерге жакшылык каалап, амандык тилеген
Райымберди ДҮЙШӨНБИЕВ, генерал-майор, КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын мурдагы жетекчиси.