5–7-июль күндөрү Бишкек шаарында 15 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча U-15 Азия чемпионаты өтүп, Кыргызстандын балбандары жалпысынан 18 медаль (2 алтын, 5 күмүш жана 11 коло) жеңип алды.
Чемпионатта өспүрүм балдар жана кыздар арасында грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 30 медаль топтому ойнотулду. Кыргызстандын курама командалары үч багытта тең ийгилик көрсөтүштү.
Грек-рим күрөшү боюнча курама 7 медалга ээ болду:
-
1 алтын: Хасан Гасанов
-
2 күмүш: Нурислам Шаимкулов, Байэль Асылбеков
-
4 коло: Юсуф Баялиев, Нурэль Өзгөнов, Бакай Рустамов, Нурдин Анаркулов
Эркин күрөштө кыргыз спортчулары 5 медаль утту:
-
1 алтын: Марсель Ооганов
-
2 күмүш: Умар Баатырбеков, Адилет Муканбетов
-
2 коло: Билал Долоталиев, Абриэль Аманов
Кыз-келиндер күрөшү боюнча 6 медаль алышты:
-
1 күмүш: Калича Кылычбекова
-
5 коло: Арууке Нурбекова, Жасмина Арзыбаева, Аяна Ниязбекова, Аяна Асылбекова, Алина Жаркынбаева

