"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Кыргыз балбаны дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында 70 кг салмак категориясында коло медалга ээ болду.

Кечээ, 14-сентябрдагы турнирдин биринчи айлампасында Акматалиев венгр балбаны Исмаил Мусукаевди 14:4 эсебинде жеңди. Ал эми коло байге үчүн болгон таймашта Армениялык Арман Андреасянды 8:2 эсебинде утту.