"Эркин-Тоо"

«Кыргыз деп келгем дүйнөгө, Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн»

Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек,
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны —

деген ыр саптардын автору Байдылда Сарногоев башынан багалегине чейин нукура улуттук акын. Күздүн күрдөөлдүү күнүндө акындын 90 жылдык мааракеси белгиленип жатат. Акындын юбилейине арналган иш-чара адегенде кичи мекени Таластан башталып, Талас шаарынын борборуна эстелиги коюлду. Башкы салтанат ордо калаабыздагы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болуп өттү. Театрдын фойесинде акындын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган атайын көргөзмө ачылган. Андан соң көрүүчүлөргө Байдылда Сарногоев тууралуу тартылган даректүү тасма көрсөтүлдү. Тасмада акын “Мен он үч жашта калам кармаган элем. Ушу кезге чейин бүтпөгөн бир гана темам бар, бир гана ырым бар. Ал-кыргыз элим. Менин бүтпөс ырым дал ушул. Мен мунун бүтүшүн да каалабайм. Кыргыз эли канча кылымдар жашаса, менин ырым да бүтпөй эле кете берсин деп ойлойм” — деген акындын төмөнкү ырын эске салалы:

Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн.
Кызыл эт кезден торолтуп,
Кыялым көккө күүлөгөн,
Кыргыз деп келгем дүйнөгө,
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн.

Салтанатты республиканын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ачып акындын юбилейлик мааракеси менен калайык-калкты куттуктады. Ал акындын чыгармачылыгына кенен токтолду. Ал эми Түрксойдун баш катчысы, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев эмдиги жылы Байдылда Сарногоевдин бир томдук китеби түрк тилине которулуп чыгарын жарыя кылды. Ал жаш кезинде Байдылда Сарногоевди көрүп калганын, ал турсун “Байдылданын батальонуна” далай жолу “снаряд” ташыганын айтканда зал толо эл дуу түшүп, кол чаап калышты. Анысын акын өзү да жашырган эмес.

Жебедей учсам дейт элем,
Жел менен кошо сызыла.
Жеңил баа кылдым өзүмдү,
Жете албай максат учуна.
Желбей да калдым бир топ жыл,
«Жем» түшүп кетип бутума —

деп жазганы бар. Байдылда Сарногоевдин поэзиясында жазма адабияттагы ырдын салттуу формасы менен кадимки төкмө акындардын стили эриш-аркак жашайт. Анын жөнү бар. Анткени акын чыгармачылыгын адегенде төкмө акын катары баштаган. Таласта 1946-жылы өткөн өнөрпоздордун облустук кароосунда:

«Көк-Арык» менин мектебим,
Көп акын болуп кетпедим.
Ойнотуп кызыл тилимди,
Осмонкулга жетпедим —

деп ырдап чыккан. Ал жазма адабиятка, акындыкка качан гана Бишкекке (Фрунзеге) келгенден кийин өткөн. Акындын чыгармачылыгындагы биринчи бурулуш катары “Ак калпак” ырлар жыйнагын айтсак болот. Ал эми экинчи бурулушту “Мидинге кат” деген айтылуу чыгармасы менен жасаган. Кыргыздын көйкашка сынчысы КадыркулңДаутов “Б.Сарногоев кыргыз поэзиясында эч кимге окшобогон, эч кимди кайталабаган жана эч качан, эч ким тарабынан экинчи кайталанбай турган өзүнчө бир уникалдуу акын” — деп так, таамай баасын берген.

Ал эми акындын юбилейин өткөрүү боюнча уюштуруу комиссиясынын төрагасы, академик Алтай Бөрүбаев акындын юбилейине карата жасалган ишчараларга токтолду. Акындын чыгармалары совет заманында башка тилдерге которулбай калганын, анткени акынга “улутчул” деген жарнак тагылганын айтты. Акындын:

Эне тилин билбеген,
Эси жогун аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт

деген ж. б. канаттуу ыр саптары кылдан кыйкым издеген советтик идеологдорго жакпай калган. Улуттук илимдер академиясында “Байдылда Сарногоев – кыргыз поэзиясынын феномени” деген илимий-практикалык конференция өттү. Буга чейин акындын чыгармачылыгын иликтеген бир гана илимий иш жазылган. Аны окумуштуу Каныбек Исаков жазган. Андан башка акындын академиялык томдорун чыгаруу боюнча маселе көтөрүлдү. Ошондой эле акындын Таласта, университеттин жанына коюлган эстелиги үчүн жер аянтчасын бөлүп берүүдө Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго, эстеликти жасоодо кол кабыш кылгандыгы үчүн КРнын эмгек сиңирген курулушчусу Аскар Молдобаевге, КР Президентинин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, райондун акимдерине ыраазычылык билдирди. Ал эми КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков акындар арасында Байдылда Сарногоев атындагы кароо-сынакты эң жогорку деңгээлде өткөрдү. Баш байгеси үчүн 100 миң сом коюлду. Бул айрыкча жаш акындар үчүн чоң дем болду. Ал эми акындын урматына арналып борбордогу ат майданында 10 миң адам катышкан улак тартыш оюну болуп өттү. Акындын мааракесин өткөрүүдө Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтү бир миллион сом, ал эми “Жерүй” алтын комбинаты 3 миллион сом акча бөлүп берген.

“Кыргызда Райкан, Мидин, Байдылда деген үч ысым калың элдин катмарына кеңири сиңип кеткен. Үчөө тең нукура улуттук колориттеги акындар” — деп айткан Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, акын агасына арнап жазган ырын окуп берди. Салтанатта ошондой эле КРнын Президентинин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, акындын уулу Бахтияр Сарногоевдер сөз сүйлөшүп, акындын чыгармачылыгы тууралуу айтып беришти. Салтанаттын соңунда атайын даярдалган концерттик программа тартууланды.

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!