Кыргыз эл акыны, белгилүү журналист Абдыжапар Эгембердиев ондогон китептердин автору. Ал эки тизгин, бир чылбырды тең кармап кырк жылга жакын убакыттан бери республиканын маалымат айдыңында талыкпай иштеп келе жатат. Бир катар жылдар республикалык “Мугалимдер газетасы” жана “Учитель Кыргызстана” гезиттеринин башкы редактору болуп иштеген. Учурда Ысык-Көл облустук “Ысык-Көл кабарлары” гезитинин башкы редактору болуп эмгектенет.
— Абдыжапар Бекбосунович, адегенде чыгармачылыгыңыз тууралуу сурайын деп жатам. Борбордон алыстагы акын-жазуучулардын абалы кандай болууда?
— Мен Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун Ысык-Көл облустук бөлүмүн жетектейм. Биз элеттеги акын-жазуучулар борбордогу адабий чөйрөдөн алыс калдык. Жаңылыктардын баарын сайттардан, гезиттерден окуп, радио-теледен көрүп, угуп калабыз. Кээде Жазуучулар союзуна, Маданият министрлигине кайрылабыз. Союз кезинде абал таптакыр башка эле. Облус, райондордо жашаган калемгерлер менен тыгыз байланышып турчу. Борбордон акынжазуучулар барып, эл менен жолугушууларды өткөрүп, элетте жашаган акын-жазуучулардын китептери да такай чыгып турчу. Эми ошол байланыштын баары үзүлдү. Биз чындыгын айтканда талаада калгандай эле болуп калдык. Эгемендик алгандан кийин Жазуучулар союзу коомдук уюм катары катталып калды да, мамлекеттик каржылоодон четте калды. Анын кээри бизге да тийди. Бирок, биз кол куушуруп олтуруп калган жокпуз. Колдон келишинче аракет кылып жатабыз.
— Сиз жетектеген “ЫсыкКөл кабарлары” аттуу облустук гезиттин ал-абалы тууралуу да айта кетсеңиз. Азыркы интернет заманында кантип чыгып атасыздыр?
— Сиз айткандай элдин баары азыр интернетте олтурат. Китеп, гезит окуган адамдар өтө азайып кетти. Маалымат алмашуу ыкчам болуп жатканы менен бул интернет деген неме элдин аң-сезимине тескери таасир тийгизип жатат. Биз бала кезде китептеги каармандарга суктанып, ошолорду туураганга аракет кылчу элек. Азыр мектептеги баладан тартып министрге чейин баары сотка чукулап олтурат. Жолдо да, үйдө да, кала берсе тамак ичкенде да жанталашып ошону карайбыз. Өткөндө мен биздин гезиттин биринчи бетине “Маалымат каражаттарына маани берели” деген чоң макала жаздым. Бир жыл башта мурдагы губернаторго кирип, гезитке жазылуу маселеси менен кайрылдым. Ал киши мени карап туруп:
— Мен сиздин гезитти эле эмес, дегеле гезит окубайм,-деди.
— “Облусттун башчысы сиз гезит окубасаңыз, анда акимдер, айыл өкмөт башчылары дегеле окубайт. Мейли сиз окубасаңыз да, жок дегенде акимдерге жазылуу тууралуу милдеттендирип жазып коюңузчу” дедим. Жазган жок. Губернатордун айтканы ушул болсо, анда иш бүткөн экен дедим да кеңсесинен чыга бердим. Губернатор, акимдер өздөрү гезит окубаса, райондо эмне болуп атканын билбесе, кантип башчы болуп, кантип элдин көйгөйүн чечет? Азыр Иляс Иманбетов деген жакшы жигит келди. Ысык-Көлдүн кулуну. Ал жакшы эле жардам берип жатат.
— Өткөн жумада облустук газеталардын редакторлору Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине келип кеткенден кийин эле сиздерге министрлик жумуштан алуу тууралуу кат жөнөтүптүр деген маалымат интернет-сайттарга чыгып кетти. Мунун канчалык чынтөгүнү бар? Чоо-жайын түшүндүрүп бере аласызбы?
— Мындан үч жыл мурда министрлик медиафорум түзмөк болуп облустук гезиттерди облусттук телевидениеге кошуп салган. Бизге айткан да эмес, кеңешкен да эмес. Медиафорумга кошулган үч жылдын ичинде азаптын баарын көрдүк. Ар бир облустук гезитте он беш штат бар эле. Анын онун кыскартып, беш эле штат калтырды. Ошол беш штаттын башкы редакторуна да, кабарчысына да, корректоруна да бирдей кылып беш жарым миң сомдон айлык чегерип салды. Бир литр май бербейт, командировкалык чыгымдарга бир тыйын төлөбөйт. Барбаган жерибиз, какпаган эшигибиз калган жок. Канча министр, канча депутатка бардык. Эч кимден, эч бир майнап чыкпады. Акыры тажаганда Президент Садыр Нургожоевичке 7 облустук гезиттин башкы редакторлору кирдик. Президент бизди кабыл алды. Мен баяндама жасадым. Садыр Нургожоевич биздин ой-пикирди уккандан кийин: “Маалымат каражаттары болгону менен телевидение башка, гезит деген башка. Мындай болбойт” деди. Жанында Эдил Байсалов отурган. “Бул маселени чечип, мурда кандай болсо дал ошондой абалына келтиресиңер” деди. Ошол жолугушуудан 25 күн өткөндөн кийин бизди Президент өзү чакыртып, он беш мүнөт кабыл алды да, жети облусттун башкы редакторлорунун баарына тең бирден жапжаңы кызматтык унаа берди. Андан кийин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын токтому чыкты. Бирок, бул токтомдордун баарын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри аткарбай келе жатат. Президент “үч күндө чечкиле” деген маселе үч жылдан бери чечилбей ушул күнгө келди. Кайракайра келип убара болобуз. Гезиттин эсебин ачып, мөөрүбүздү алалы, Юстиция министрлигинен каттоодон өтөлү деп айта берип чарчадык. “Комиссия барып силердин ишиңерди текшерет” деп бир айтат. Комиссиясы баргыча эки ай өттү. Анан министрлик биз менен бир келишим түзө койду. Ал келишимди электрондук почтадан салып жибериптир. “Дагы бир үч айлык мөөнөткө чейин иштеп тургула, калганын чечебиз” деген келишим экен. Биз оюбузда эч нерсе жок ал келишимге кол коюп кайра министрликке жөнөтүп жибердик. Үч айлык мөөнөт бүтөргө бир жума калганда “бир жумадан кийин жумуштан бошойсуңар” деп кат салып жибериптир. Анын катын окугандан кийин, жети облусттун башкы редакторлору кайрадан кеңешип, министрликке дагы келдик. Биз ушунча жылдардан бери гезиттин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп иштеп келдик. Эми бизге жок дегенде бир жыл убакыт бериңиздер. Азыр эле иштен бошоп кеткиле дегениңер туура эмес. Бир жылдан кийин деле иштей албай жатсак, анда бизди алмаштырсаңар болот – деген оюбузду айттык. Чыңгыз Эсенгулов: “Мен сиздердин ойду министр Максутовго айтып, кеңешейин” деди. Биз, жети облустун редакторлору Президентке кириш үчүн дагы борборго келдик. Президент Венгриядан иш сапарынан келсе эле киребиз. Башкы прокуратурага арыз даярдадык. Келишим түзгөндө, бизди жумуштан бошотуп салган учурларда мыйзам бузуулар бар. Аны юристтер да айтышты.
— Президенттин административдик-аймактык реформасы Көл аймагынан башталып жатат. Бул боюнча оюңуз кандай?
— Президент Жарлыгын чыгарды. Ысык-Көл облусунун Түп району пилоттук долбоор катары алгачкылардан болуп иш баштады. Райондогу 13 айыл өкмөттү беш айыл өкмөткө бириктирип кайрадан түзүп атышат. Мен бул абдан туура кадам болду деп ойлойм. Райондордо, айылдарда атка минерлердин санын көбөйтө бергенден пайда жок. Жасаган ишинин дайыны жок миңдеген чиновниктер казынадан айлык алып, басып жүрүшөт. Менимче, райондук акимчиликтер менен облустук губернаторлордун да бирөөсүн калтырып, бирөөсүн жоюп жиберсе деле болот. Бири-бирин кайталаган, ашыкча структуралардын баарына акча төлөй бергидей, мамлекеттин казынасы ашып-ташып жаткан жок.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№11 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 14-фвралы