Бүгүн, 12-май күнү, кыргыз поэзиясынын залкар өкүлү Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына карата Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы сейил бакта акындын эстелиги үчүн таш орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова, маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, ошондой эле акындын жакындары, замандаштары жана маданият өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл акыны, ІІІ даражадагы “Манас” орденинин ээси Сооронбай Жусуев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон.