"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Кыргыз эл артисти Муратбек Бегалиев 70 жашка толду

Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында белгилүү композитор, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Муратбек Бегалиевдин 70 жылдык мааракеси болуп өттү. Иш-чарага Маданият министри Мирбек Мамбеталиев, чет өлкөлөрдөн келген коноктор, коомдук ишмерлер жана маданият өкүлдөрү катышты.

Министр мааракеде сүйлөп, композитордун улуттук музыканын өнүгүшүнө зор салым кошкондугун белгилеп өттү. Аны менен катар Муратбек Бегалиевдин чыгармачылыгы кыргыз маданиятынын дүйнөгө таанылышына өбөлгө болгонун айтты.

Муратбек Бегалиев 1993-жылдан бери Кыргыз улуттук консерваториясын жетектеп, өлкөнүн профессионалдык музыкалык жамааттарынын калыптанышына чоң таасир эткен. Анын шакирттери бүгүн эл аралык сахналарда ийгиликтерге жетишип, кыргыз музыкалык мектебинин атын чыгарып келишет.