Кыргыз Республикасынын эл артисти Муса Баетовдун 120 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мааракелик иш- чарага карата өтө турган иш- чаралар планы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы менен өткөн жыйында талкууланды.
Сунуш -пикирлердин негизинде акыркы бекитилген программа коомчулукка жакынкы убактарда таратылат.