Кыргыз эл артисти, белгилүү композитор жана педагог Сатылган Осмонов узакка созулган оорудан улам 87 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Сатылган Осмонов 1938-жылы Чүй облусунун Кегети айылында туулуп, өмүрүн толугу менен улуттук музыка өнөрүнө арнаган. Ал “Ак-Мөөр” симфониясынын, “Сепил” жана “Алымбек менен Курманжан” операларынын, ондогон камералык жана симфониялык чыгармалардын автору болгон.
Өзгөчө улуттук колоритке бай чыгармалары менен таанылган композитор 1990-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, 2019-жылы эл артисти наамдарын алган.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин жамааты маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

