Бүгүн, 14-августта 90 жаш курагында белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Өскөн Даникеев дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Өскөн Даникеев Сокулук районунда 1934-жылы туулган. Москва тоо-кен институтун аяктап, адегенде инженер болуп иштеп, кийин илим жана билим берүү тармагында эмгектенген. 1970-жылдардан тарта толугу менен чыгармачылыкка өткөн. «Кыздын сыры», «Сыйкырдуу таш», «Өмүр белестери», «Көкөй кести» сыяктуу чыгармалары окурмандар арасында кеңири таанылган. «Көкөй кести» романы үчүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон.
Өмүр бою маданиятты жана адабиятты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Өскөн Даникеев «Ардак Белги» ордени, «В. И. Лениндин туулгандыгынын 100 жылдыгына арналган каарман эмгеги үчүн» медалы, Манас ордени (III даража), «Эл агартуунун отличниги» наамы, Бишкек шаарынын ардактуу жараны наамы, ошондой эле Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Жазуучу менен коштошуу зыйнаты 15-август күнү саат 11:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтсө, жерге берүү зыйнаты Ала-Арча көрүстөнүндө болот.

