Бул күндөрү кыргыз маданий коомчулугу Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгын белгилеп жатат. Жазуучунун маарекесине карата борбор калаабызда бир жумадан бери атайын программанын негизинде иш-чаралар, окурмандар менен жолугушуулар, илимий конференциялар, сүрөт көргөзмөлөр өтүүдө.
Кубатбек ЖУСУБАЛИЕВ:
“Мен азыр силерге жаңы жазгандарымдан бир нерсе окуп берсем да болот. Адамдын эмне үчүн төрөлгөнүн? Ал биринчи кимди таанып билиш керек? Китепти эмне үчүн жазыш керек? Ушулардын баары мага түшүнүксүз болчу. Анан бара-бара мен түшүнө баштадым. Анткени, адам өзү бир улуу, өтө улуу жан экен, жаныбар экен. Себеби, бул жаныбарды түшүнүш үчүн, өзүнөзү түшүнүү өтө керек экен. Мен акыры ушуга келдим. Кудай деген бар экен. Бизди жасаган киши бар экен. Аны түшүнүш үчүн адам адегенде өзүн-өзү түшүнүш керек экен. Ошол үчүн менин жазгандарымдын адамдарга бир пайдасы, жардамы тийсе экен деп ойлойм. Анткени, адам өзүн-өзү түшүнсө ал Кудайды дагы түшүнөт, жарык дүйнөгө эмнеге келгенин дагы түшүнөт экен. Мисалы, ошондой бир улуу өзгөрүүгө адам кире алабы, кире албайбы? Мендеги эң чоң көйгөй ушул болду. Себеби, адамдын өзгөрүшү өтө-өтө кыйын экен. Адамдын ичинде, жан дүйнөсүндө улуу өзгөрүү болуш керек экен. Мени эң эле кыйнаган нерсе ушул болду. Канткенде аны так, таамай айтыш керек деп жылдар бою убара чектим. Мен кырк жашка чыкканда ойлондум. Ушуларды айтыш үчүн арак ичпей коюш керек дедим да арак ичпей койдум, эт жебей коюш керек дедим да эт жебей койдум. А өмүр болсо көз ирмемге окшогон нерсе экен. Ошол көз ирмемдин ортосунда арак ичсең, эт жесең, анан башка да иштерди жасасаң. Кой, болбойт, деп мен бардыгын таштап жибергем. Антпесең, сен балээни да билбей калат экенсиң. Ушуларды таштасам эле акылман болуп жатып калам го деп ойлогомун. Бирок, андай болгон жок. Бу адамдын өзгөрүшү өтө кыйын экен. Өлө кыйын экен. Аны элестетиштин өзү да кыйын. Адам жарык дүйнөгө эмне үчүн жаралган? Бул дүйнөнү акча башкарбайт, Маркс, Ленинге окшогон мен кыйынмын дегендер башкарбайт. Кудайдын айтканы бар. Бул дүйнөнү Улуу Сүйүү башкарат. Эмне үчүн ушинтип айткан деп ойлодум. Демек, адам өзгөрүш керек, бирок, анын өзгөрүшү өтө кыйын иш экен. Силерге рахмат, айтып атасыңар. Бирок, мен деле жакшы өзгөрбөдүм. Эгер мен өзгөрсөм ошол Улуу Сүйүүгө окшоп калат элем да. Улуу Сүйүүгө окшоп калган кишинин кылганы дагы, дегени дагы, жүргөнү дагы, сүйлөгөнү дагы Улуу Сүйүүдөй болот. Ошолор дем, күч берип, кишилерге тийип, аларды өзгөртсө сенин жазганың дагы адамга пайдалуу болот. А болбосо жазуучу болгондун да кереги жок. Жазгандын да кереги жок. Анан мен таң калып атам да, мен өзгөргөнүм деле жок, баягы-баягыдай эле иттей эгоистмин, кайрымдуу, боорукер эмесмин. Кудайга таандык беш сапат болот экен. Ошолорду адам өзүнө алганда башкаларга пайдалуу болот. Меники чала го аябай эле. Мен дале болсо жакшы өзгөрө албай жатам. Кудай мага 80 жаш берди. Бу сексен жашың деле бир көз ирмем экен. Өмүр өзү көз ирмем болгондон кийин ошонун ичинде өзгөрүш чынында эле кыйын. Кудай мага 90 жаш, балким 100 жаш да бериши мүмкүн. Кудай аны мага эмне үчүн берип жатат? Жыргап-куунаш үчүн эмес, өзгөрүш үчүн берип жатат. Демек, менин адамдарга аздыр-көптүр пайдам тийип жаткандыгы үчүн берип атат го деп ойлойм. Мисалы, мен кээде ойлоп атам, мүмкүн мен 100 жаштан да көп жашашым мүмкүн. Эмне үчүн? Бу биздин, адамдардын ою да, тилеги да бир болот экен. Демек, өзгөрүүнүн эң улуу касиети адамга келгенде гана анын жазганы дагы, дегени дагы, жүргөнү дагы пайдалуу болот экен. Бирок, өзгөрүш өтө кыйын экен. Ошону айтайын дедим силерге”.
Философия илимдеринин доктору, сынчы Жамгырбек БӨКӨШЕВ:
— Биз 70-жылдары жаш сынчылар Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов, Калык Ибраимов, Каныбек Эдилбаев болуп чогуу дүрбөп чыккан элек. Жазуучулар Союзуна, гезит-журналдардын редакцияларына тынбай барып турчубуз. Бир жолу “Кыргызстан маданияты” гезитине барып калдык. Ал жерге Кубат аке келип калды. Кыргыз адабиятында “кызыл көз сынчы” анан “көк көз сынчы” бар эле. Кубат аке ошондо “турмуш адамды таанып билгенге үйрөтөт, турмуштан алган таасирлеринен улам адам дубалга мык каккандай ойлорду, маанилерди аң-сезимине бекем кадайт. Ошентип, адамды адам кылып тарбиялайт, жаманжакшысын иргейт” деп айтты. Мына ушул адамдын адамдыгы жөнүндөгү маселе жазуучунун “Муздак дубалдар” романында калемгердин жеке инсандык тагдырынын негизинде, ХХ кылымдагы көркөм адабияттын негизинде өзүнүн билип, көрүп, түшүнгөн окуяларынын негизинде сыпатталып, баяндалып берген. Көркөм адабиятты көп жылдардан бери изилдеп жүргөн сынчы катары айтсам, “Муздак дубалдарды” туш келди жеринен эле ачып алып окуй берсеңиз болот. Жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу башта да макала жазгамын. Бул китебине да кириш сөз жаздым.
Жазуучу, Кубатбек Жусубалиевдин шакирти Мамат САБЫРОВ:
— Менин эсимде, 1993-94-жылдар бекен, “Муздак дубалдардын” биринчи китеби чыкканда мен “Кыргыз руху” гезитинде иштейт элем. Бир чети жарыя катары, бир чети окурмандарга сүйүнчү катары кичинекей маалымат жаздым. Аны телефондон Кубат акеге окуп берсем “Хрущевдин жүгөрүсүн жеген, Брежневдин арагын ичкен, андан кийин Горбачевдун талонун жыттаган роман акыры жарык көрдү” деп айтып мени күлдүргөн. Роман Хрущевдин убагында жазылып, бирок жарык көрбөй, текчеде жата берди. Ал ортодо көптөгөн жетекчилер алмашты. Акыры советтик заман жоюлгандан кийин гана жарык көрдү. Бирок, адабияттын тагдыры, эгер ал чыныгы чыгарма болсо, канча мезгил өтсө да алтындай болуп жаркырап жата берет. Эскирбейт. “Муздак дубалдар” 90-жылдар эмес бүгүн чыкса деле өз баасын жоготмок эмес. Бирок, менин бир өкүнгөнүм, чыгарма өз убагында жарыкка чыкса жакшы болот экен. Биз 80-жылдардын мууну, ошол жылдары адабиятка келип, жогорку окуу жайда окудук. Ошол кезде биз окуган адабият Кубат аке өзү айткандай, саман сыяктуу болчу. Биз окуган чыгармалардын көбү идеологияга сугарылган адабият болчу. Биз сыяктуу чаңкап турган муунга Кубат акенин чыгармалары аба менен суудай керек эле. Балким, биз убагында Кубат акенин чыгармаларын окуп, таасир алсак, биз дагы азыркыдан башкачараак жазуучу болот белек, ким билет?
Кыргызстан жазуучулар Союзунун төрагасы Нурлан КАЛЫБЕКОВ:
— Кыргызда эки феномен бар. Бири Кубатбек Жусубалиев, экинчиси Рамис Рыскулов. Руханий жолдо эки эле жол бар. Эл менен аралашып, коомчулук менен чогуу жашайт, же Рамиске окшоп ролго кирип, артист болуп жашай бериш керек. Коомдо жашайсың, бирок өзүң менен өзүң жашайсың. Экинчиси, Кубат акеге окшоп баарын таштап Алайгабы, Гималайгабы, айылың кайсыл жерде болсо ошол жерге, тоонун арасына барып, шаардын ызы-чуусунан кетиш керек. Кубат аке өтө уникалдуу инсан. Азыркы чыгарма сымалдарды эмнеге салыштырууну да билбейсиң. А Кубат акенин чыгармалары Батыштын, дүйнөлүк адабияттын баарын өзүнө сиңирген. Анан Чыгышка келген. Кубат акенин “Мен акыйкатты издейм деп талаалап жүрө берипмин. Көрсө, корооңон чыкпай олтуруп эле акыйкатты таанып койсоң болот экен” деген жакшы сөзү бар. Орто кылымдарда акындарды Пайгамбарларга теңеген эмеспи. Акын Карбалас Бакировдун “жадатканда жалпы хор, жалт дей түштү анти хор” деген ыр саптары бар. Ошол сыңары бөлөктөрдүн тапталган дүйнөсүнөн качып, акыйкатты издеп кеткен касиетин мен абдан сыйлайм.
Жазуучу Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА:
— Мен башка көптөгөн калемдештеримдей эле сиздин чыгармалардан таасир алдым. “Муздак дубалдарды” биринчи окуганымда аябай таң калгамын. Бул китепти толук түшүнүш үчүн сөзсүз эки-үч жолу окуп чыгыш керек. Мен сиздин чыгармалардан эмнени алдым? “Муздак дубалдардагы” Кара Бак бул советтик система. Китепте метафоралар, салыштыруулар, көркөм салыштыруулар түз да, каймана да айтылган ойлор аябай көп. Аны ар ким деңгээлине жараша ар кандай түшүнө берсе болот. Анан да Кубатбек Жусубалиев түзгөн диалогдор, монологдор укмуш. Кубат аке чыгармаларында диалектикалык сөздөрдү өтө чебер колдоно билет. Мисалы, бир эле “бовойт” деген сөзүн алалы. Ушул сөздү колдонуу менен бир жакшы киши жөнүндө айтып жатат. Сиздин ар бир сөзүңүздүн артында өзүнчө бир сыр, маани жатат. Көп түрдүү ойлор биригип келген колорит бар. Ошол касиетиңизден улам биз сизге арбалып, байланып турабыз. Дагы жаңы чыгармаларды жазыңыз. Бүгүнкү доорду жазыңыз. Биз күтөбүз.
№99 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-ноябры
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ