"Эркин-Тоо"

Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековду эскерүү

Бүгүн, 14-май күнү, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 113 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү. Ал Жогорку Кеңештин депутаты, “Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаевдин, “Түгөлбай Ата” коомдук фондунун жана калемгердин небере-уулдарынын демилгеси менен уюштурулду.

Эскерүүгө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү, белгилүү акын-жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле Түгөлбай Сыдыкбековдун замандаштары жана шакирттери катышты.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов:

“Түкөм Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын кызмат кылып, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы аталды. Ал улуттук көркөм сөздүн аскар тоосу. чыгармалары аркылуу арабызда бүгүн да жашап жатат”, — деп белгиледи.

Эскерүү “Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө өтүп, Куран окулду. Андан соң, иш-чара катышуучулары Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигине барып, гүл коюшту.

Иш-чарада калемгердин кыргыз адабиятындагы орду, чыгармачылык мурасы, “Манас” эпосунун үч томдугун редакциялап басмага даярдаган зор эмгеги, кыргыз тилин өнүктүрүүгө, тарыхты калыс чагылдырууга кошкон салымы тууралуу кеңири баяндалды.