“Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен мамлекеттик иш сапар менен Кыргызстанга келген Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти ФранкВальтер Штайнмайердин расмий жолугушуусу болуп өттү.
Эки өлкө башчылары катышкан кеңейтилген жыйында Президент Садыр Жапаров герман делегациясын жетектеп келген Президент Штайнмайерге ыраазычылык билдирип:
«Биздин өлкөдө сизди Кыргызстандын досу жана белгилүү саясатчы, Борбор Азия боюнча дасыккан тажрыйбалуу эксперт катары жакшы таанышат. Буга чейин сиз Германиянын Тышкы иштер министри катары биздин өлкөгө бир нече жолу иш сапар менен келгенсиз. Бүгүн сиз Германиянын Федералдык Президенти катары келип олтурасыз. Биз муну Германиянын Кыргызстан менен кызматташууга даярдыгынын жакшы бир белгисиндей кабыл алабыз. Бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-герман кызматташтыгын кеңири талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк берет деп терең ишенем» деди Президент Садыр Жапаров.
Ал эми Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер мырза өз сөзүндө буларга токтолду:
«Биринчиден, мени расмий иш сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырганыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдирем. Кыргызстандын эң сонун табияты, таза абасы, бийик тоолору мени аябай суктандырды. Ага биз “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барганда да күбө болдук. Мен мындан 7 жыл башта сиздердин өлкөгө жасаган иш сапарымды да азыр эске салып олтурам. Анда, албетте, дүйнө, саясий абал да таптакыр башка болчу. Биз 30 жылдан ашык туруктуу, динамикалуу өнүгүп жаткан мамиледебиз. Буга эки тараптуу сапарлар далил боло алат. Германия мындан ары да Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тажрыйба алмашууга даяр. Сиздин өлкөдө бул үчүн абдан жакшы шарттар бар»,- деп баса белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргызстан Европада гана эмес, дүйнөдөгү лидер мамлекеттердин бири болгон Германия менен активдүү кызматташууну колдоорун белгиледи.
“Германия саясий аброюнун жана экономикалык потенциалынын аркасы менен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү үчүн, анын ичинде биз үчүн да үлгү болуп саналат. Биз демократиялык баалуулуктарды — Германияда да жогору бааланган негизги эркиндиктерди жана адам укуктарын тең бөлүшөбүз. Биз үчүн өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүндө, күчтүү жарандык коомду жана укуктук мамлекетти курууда Германиянын мындан аркы колдоосу абдан маанилүү.
Азыркы учурда коомдун жашоо-турмушунун дээрлик бардык чөйрөлөрүндө реформалар жүргүзүлүүдө. Биринчи кезекте экономикалык, саясий жана социалдык тармактарда. Мен жарандын бардык көйгөйлөрүн мамлекеттик органдар тез арада чечиши керек деген түшүнүктү карманам”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Президент азыр мамлекеттик органдардын ачыкайкындуулугун жана жоопкерчилигин жогорулатуу, көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жаткандыгына токтолду. Коррупцияга каршы толук масштабдуу күрөш жүргүзүлүп жатат, ошондон улам мамлекеттик ишмердиктин маанилүү багыттары толук каржыланбай калууда.
Экономикалык тармакка токтолгон Садыр Жапаров, ири инфраструктуралык долбоорлорго, жол курууга, ирригациялык системаларды модернизациялоого чоң көңүл бурулуп жатканына билдирди.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын Германия менен соодаэкономикалык жана технологиялык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенине көңүл бурду. Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында олуттуу потенциал бар. Кыргыз тарап үчүн Германиянын бул тармактагы жетишкендиктери жана технологиялары чоң кызыгууну жаратат. Өлкөбүз келечектин отуну болгон жашыл суутекти өндүрүү боюнча германдык технологияларга кызыкдар. Кыргызстан суу ресурстарынын ири запастары жана Германиянын алдыңкы технологиялары менен жашыл суутекти өндүрө алмак.
Президент Кыргызстанда германиялык бизнестин ийгиликтүү иштешинин мисалдары бар экендигин баса белгиледи. Кыргызстан республикадагы немец бизнесин мындан ары да ар тараптан колдоону көздөп жатат. Министрлер Кабинети бардык чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Ошону менен бирге мамлекет башчысы 2022-жылы түзүлгөн Кыргыз-Герман Ишкер кеңешин экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн дагы бир натыйжалуу инструменти экенин белгиледи. Бул эки өлкөнүн ишкерлеринин өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен түз диалогду жүргүзүү үчүн ыңгайлуу аянтча.
Президент ошондой эле финансы-техникалык кызматташуу маселесин козгоп, Германия тарапка каржылык жана техникалык кызматташуу боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине Кыргызстандын кайрадан кирүүсүнө колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.
Германия Федеративдүү Республикасы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн алгачкылардан болуп тааныган мамлекеттердин катарына кирет. Германия Федеративдүү Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык байланыш 1992-жылы 3-февралда түзүлгөн. Быйыл ага 31 жыл болду. Бул жылдардын аралыгында эки өлкөнүн ортосунда саясий, маданий, соодасатык, айыл чарбасы, өндүрүш багытында кызматташтык ар тараптуу өнүгүп келди. Акыркы жылдары гуманитардык жана ишкер чөйрөсүндөгү өз ара кызматташтыкты күчөтүүгө көп көңүл бурулууда. Жыл сайын эки өлкөнүн ортосундагы ишкерлердин форумун өткөрүү жакшы салтка айланып калды.
Жолугушууда Президенттер эки өлкөнүн ортосундагы, дүйнөлүк алкактагы маселени да талкууга алышты. Кыргызстандагы коопсуздук, Ооганстандагы абал жана ошондой эле Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен болгон мамилеси жакшы жакка өзгөрүп бараткандыгын айтышты. Аймактагы мындай тынчтык мамиле, өнүгүү Германия жана Европа мамлекеттери менен ар тараптуу кызматташууну арттырууга өбөлгө болоорун баса белгилешти. Ал үчүн ишкердик, айыл чарбасы, экология багытында кызматташууну күчөтүү керек.
Эки өлкөнүн кызматташтыгынын өнүгүшүнө Кыргызстанда жашаган этникалык немистер да көп жардам берүүдө. Кыргызстанда жашаган немистердин иштери боюнча өкмөттөр аралык комиссия иш алып барат. Этникалык немистердин 14-жыйыны өткөн жылдын сентябрь айында өткөн. Кызматташуулар ар бир тармак боюнча өнүгүп жатат. Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Борбор Азиядагы экологиялык проблемалар боюнча атайын программалары иш алып барууда. Мисалы, бир канча жылдардан бери “Ак илбирсти коргоо” жана айлана-чөйрөнү, жаратылышты коргоо багытында кызматташуу уланып келүүдө. Өткөн жылы “Климатты коргоо жана адистерди окутуу” боюнча борбор ачылган. Быйыл болсо кургак учукка каршы күрөшүүнү күчөтүүдө германиялык адистердин кеңеши менен Кыргызстанда атайын борборлор ачылып, ийгиликтүү иштеп жатат. Германия билим берүү, медицина тармагы боюнча да олуттуу жардамдарды көрсөтүп келет. Кыргыз-герман кызматташтыгынын негизинде Токмоктогу айнек чыгаруучу завод, ошондой эле айыл чарба, энергетика, туризм багыттары боюнча да иштер жүрүүдө. Бишкекте бир нече жылдардан бери “Герман экономикасынын күндөрү” өтүп келет. Өткөн жылы 13-июнда кыргыз-герман ишкер форуму өтүп, ага 150дөн ашуун делегат катышты. Буга чейин Кыргызстандын президенттери 2012-2015 жана 2019-жылдары Германияга иш сапар менен барышкан.
Кыргызстандын аймагында бүгүнкү күндө 150гө жакын кыргыз-герман биргелешкен ишканалары иштеп жатат. Германиянын Кыргызстанга салган инвестициясынын көлөмү 16 миллион долларды түзөт. Бирок, бул инвестициянын көлөмүн 200 миллиондон 500 миллион долларга чейин жеткирүүгө болот.
Күндүн экинчи жарымында Президент Штайнмайер ЕККУнун Кыргызстандагы академиясында жана Токмоктогу айнек чыгарган кыргыз-герман биргелешкен ишканасында болду.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№50 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 20-июну