Үстүбүздөгү жылдын 17-январында саат 12:00дө Бишкек шаарындагы кыргыз искусствосунун тарыхы тууралуу ачык баяндама өтөт. Иш-чарада XX кылымдын башынан бүгүнкү күнгө чейинки улуттук живопись, скульптура жана монументалдык искусствонун калыптанышы тууралуу сөз болот.
Лекцияны өнөр таануучу, Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин жетектөөчү илимий кызматкери Акжибек Бейшебаева окуйт. Анда кыргыз искусствосунун өнүгүшүнө салым кошкон негизги сүрөтчүлөр, белгилүү чыгармалар жана шаар мейкиндигиндеги монументалдык искусствонун орду тууралуу маалымат берилет.
Иш-чара Чүй проспектиси, 158 дарегиндеги ROX Centre имаратында акысыз өтөт жана алдын ала катталуу талап кылынат. Дал ушул жерде көп жылдар бою жашырылган сүрөтчү Теодор Герцендин реставрациядан кийинки «Аялзат» аттуу мозаикасы көрүүчүлөргө көрсөтүлөт.
Катталуу үчүн шилтеме:

