24-февралда Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында кыргыз күрөш боюнча Ачык мелдеш өттү. Бул спорттук мелдеш кыргыз улуттук спортунун өнүгүүсүнө өмүрүн арнаган жана кыргыз күрөш балбандарын өстүрүүдө зор салымын кошкон Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери Марсел Мураталиевдин жаркын элесине арналды .
Бул багытта иш-чаранын уюштуруучусу, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын, спорттун улуттук түрлөрү кафедра башчысы, КР эмгек синирген машыктыруучусу Эрмек Тукеев менен кыскача маек курдук.
— Эрмек Мырзабекович, Физкультура академиясында 24-февралда өткөн иш-чара боюнча маалымат берсеңиз?
— Бул ачык мелдеш кыргыз улуттук спортунун өнүгүшүнө жана кыргыз күрөш балбандарын өстүрүүдө жан үрөгөн, эмгеги сиңген, патриот маркум инсан Мураталиев Марсел Тургунбаевичтин жаркын элесине арналды. Иш-чара Ата Мекенди коргоочуулардын күнүнө удаалаш өттү.
— Сиз, спорт чебери Марсел Мураталиев менен кандай байланышыңыз бар, ал инсандын кыргыз спорту үчүн жасаган эмгектерине токтолсоңуз?
— Марсел Тургунбаевич агайым спортчу, адис катары билгенин жаштарга бөлүшкөн мыкты инсан болгон. Кыргыз күрөшү үчүн анын жасаган аракеттери абдан чоң. Мелдештерди айыл аймактарда уюштуруу үчүн агай менен чогуу көп сапарларда бирге болдук. Марсел агай айыл жериндеги спортко кызыккандарды да көңүл сыртына калтырбачу. Жыл сайын кыргыз күрөшү боюнча мелдештерди 7 облуста өткөрүп, мындай иш-чаралар балбандарга дем берээрин дайым айтчу. Агайдын тилеги кыргыз улуттук спортун жайылтуу, жаштарды спортко тартуу, ден соолуктарын чыңдоо, колдоо болчу. Улутка тиешелүү маселелер, кептерди көп айтаар эле. Агайыбыз 1997-2010 жылдары Кыргыз күрөш федерациясын жетектген. Ал инсан спорт үчүн күйүп-жанып, спонсорлорду таап, дайым аракетте болчу. Инсан катары жоопкерчиликтүү, патриот, жаратман, сабырдуу адам болгон. Мелдештерде спортчулардын баардыгына бирдей мамиле кылганга аракет кылчу. Тамаша, куйкум сөздөрдү да көп айтчу, ырдаганда үнү да коңур эле. Көп балдарды күрөшкө алып келген. Спортчулардын жеке маселелери болсо дайым жардамга шашылчу. Убагында агайдын жасаган иштерине ар кандай сөздөр айтылса маани бербей, улуттук спорт деп жүрүп болгон өмүрүн спортко арнады.
— Ал эми кыргыз күрөшүнүн бүгүнкү абалы, келечеги кандай?
— Кыргыз күрөшү ар бир кыргыз менен байланышкан. Мисалы 2-3 жаштагы кыз же баланы деле үйдөн күрөшүп көргүлөчү деп көрсөңүз алар дароо белден кармашат. Кыргыз күрөшү белдеги кур менен күрөшөт. Кырыз күрөшүнө кызыккан балбандар көп. Спорттун бул түрүнө мамлекет өзгөчө көңүл буруп, колдоого алышы абзел. Илгери кыргыздар арасында же уруу арасында болобу жер суу талаш болобу же күлүк аттарды талашкандабы, айтор чечилбеген маселе жаралганда эки жааттын балбандарын чыгарып кимиси утса маселе ошол тарапка чечилген. Мисалы спортто “спорт чебери”, “эл аралык спорт чебери” деген сыяктуу эле кыргыз улуттук күрөшүндө да “балбан” деген наам бар. Балбан күрөштөн жеңген, кең далылуу, күчтүү жана башка сапаттарга ээ адам. Байгеге үйүрлөп, тогуздап мал берилгени эл арасында айтылып келет. Уткан байгелери менен бир үй -бүлөнү эмес бир айылды баккан балбандар болгон.
— Жаш спортчуларга, студенттерге кыргыз улуттук күрөшү сабагы окутулабы?
— Биздин академияда 1969 -жылдан бери жалпы курстун студенттерине кыргыз улуттук күрөштүн түрү боюнча сабактар окутулат.
— Кыргыз улуттук күрөшү башка спорттун түрлөрүнөн кандай айырмаланат, бул күрөшкө кызыккан балбандар көппү?
— Мында спортчулар бел курун кармап, далын жерге тийгизбей күрөшөт. Кыргыз күрөшү күйөрмандар сүрөп көргөн спорттүн түрү. Жыгылсаң утуласың же баллың кемийт. Албетте, спортко кызыккан жаштарыбыз бар. Маселен Корей менен Япония өңдүү өлкөлөрдө дзюдо, тхэквондону бала бакчадагы балдарга сиңирип, тарыхына чейин балдары жатка билишет. Ушул сыяктуу Кыргыз күрөшүнө мамлекет өзгөчө улуттук деңгээлде карап көңүл бурса абдан жакшы болот эле. Бирок, жер бетинде кыргыз жашап турганда бул тармак жанданат, эл аралык деңгээлге чыгаарына шек жок. Бул үчүн мамлекет өзгөчө көңүл бөлүп, колдоого алса эле ишке ашат. Бүгүн спорт тармагында алгылыктуу иштер жасалууда. Мекендин атын тааныткан спортчуларбыздан уучубуз кур эмес. Кыргызстандын Туусун көтөрүп дүйнөгө таанытам деген жаштарыбыз катарабызда арбын.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы