Кыргыз күлүгү Каракыз Казакстанда өткөн белгилүү самбочу, дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Ерлан Байбатыровдун элесине арналган аламан жарышта биринчи болуп келди. Бул боюнча видео социалдык тармактарда тарады.
Жарышка Казакстан менен Кыргызстандын 50дөн ашуун күлүгү катышты. Аламан жарыштын узундугу 27 чакырымды түздү.