"Эркин-Тоо"
Спорт

Кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

Үстүбүздөгү жылдын 22-23-март күндөрү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү.
Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан жана Бишкек шаарынан жалпы 226 спортчу катышып, алар 7 салмактык категорияда күч сынашты.
Чемпиондор менен байгелүү орундардын ээлери диплом жана медалдар менен сыйланышты. Жеңүүчүлөр кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасын түзүп, алдыдагы эл аралык, Азия жана Дүйнөлүк чемпионаттарда күч сынашат.
Жыйынтыктар:
55 кг:
1-орун – Абидинов Баяман;
2-орун – Базарбек уулу Эламан;
3-орун – Кадырбек уулу Урмат;
3-орун – Нарынбай уулу Кенжебай.
60 кг:
1-орун – Сапаров Роман;
2-орун – Жээнбеков Малик;
3-орун – Урматбек уулу Руслан;
3-орун – Сүйүнбеков Тыныстан.
66 кг:
1-орун – Самат уулу Рабил;
2-орун – Мелис уулу Нурсултан;
3-орун – Шамбет уулу Мирхат;
3-орун – Кадырбек уулу Бактияр.
74 кг:
1-орун – Аманов Санжар;
2-орун – Туратбаев Эрбол;
3-орун – Нурказым уулу Асангелди;
3-орун – Абдыкапар уулу Дөөлөт.
84 кг:
1-орун – Кожомуратов Бектуркан;
2-орун – Идирисов Баястан;
3-орун – Бочонов Нурсултан;
3-орун – Эсенбек уулу Шатман.
96 кг:
1-орун – Идирисов Нурислам;
2-орун – Алик уулу Исламбек;
3-орун – Израил уулу Шамшидин;
3-орун – Канатбек уулу Анарбек.
+96 кг:
1-орун – Мирлан уулу Бактияр;
2-орун – Куралов Тилек;
3-орун – Калыбек уулу Мухтар;
3-орун – Мухаммед уулу Талас.